// //

Орозо кайсыл учурда бузулат?

2018.05.28, 15:27
44810

“Билесиңби” порталы канткенде орозо бузулат жана бузулбайт суроосуна теолог Улан Усуповдон жооп алды:

Орозо каза болот:

  • Билип туруп бир нерсени ичип, жеп алуу;
  • Оозу жабык учурунда жыныстык катнашка баруу;
  • Атайлап кусуу;
  • Айыз кандын келүүсү;

Орозо каза болбойт:

  • Байкабастан суу ичип, тамак жеп алуу: Орозо экенин эстеген учурда дароо жегенди токтотуу зарыл. Болбосо орозосу бузулат.
  • Кан алдыруу: Ал-күчү кете турган болсо макүрөө болот.
  • Көзгө дары тамызуу: Орозо адам көзүнө дары тамызып же сурма койсо орозосу бузулбайт.
  • Мисвак жана тиш пастасын колдонуу: Мисвак колдонуу сүннөт. Тиш пастасын этияттык менен колдонсо болот, бирок тамакты көздөй өтүп кетсе ооз ачылат.
  • Тиш жулдуруу: Тиш жулдуруу орозого таасирин тийгизбейт. Болгону, кан же дары-дармекти жутуп албоо керек.
  • Ооз менен мурунду чайкоо: Суу алып ооз менен мурунду чайкоо орозону бузбайт. Бул жерде дагы жутуп албоо зарыл.
  • Сергип алуу үчүн жуунуу: Баш менен чумкубастан сууда сүзүү же нымдалган кийим аркылуу сергүү орозону бузбайт. Сууга түшүү учурунда ооз менен мурунга суу кирип кетүүдөн абайлоо кажет.
  • Ушак-айың, жалган сүйлөө: Бул сыяктуу арам иштер орозону бузбайт. Бирок, буларды кылган адам күнөөгө батат жана орозонун сообунан кур калуусу толук ыктымал.
  • Ооз-мурунга түтүн, чаң кирсе: Орозо кармаган адам өз каалоосу менен буларды кылса гана орозосу бузулат.
  • Шилекейи менен какырыгын жутса: Шилекейди топтоп алып жутпоо керек.
  • Тиштеги тамак-аш калдыгы: Калып калган тамак-аштын калдыгы буудай данынын көлөмүнөн чоңураак болсо жана аны жутуп алса орозо бузулбайт. Себеби тамак-аштын майда калдыктары шилекей сыяктуу болуп эсептелет.
  • Жыпар жыттар: Жагымдуу жытты жыттоо орозону бузбайт.
  • Күндүзү уктаганда түшүркөп (бел суусунун чыгуусу) калса, орозо бузулбайт.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт