// //

Эрозияны убагында дарылабаса ракка алып келет. Гинеколог айтып берет

2018.05.28, 14:34
11170

Эрозиянын пайда болуу себептери, белгилери жана дарылоо жолдору тууралуу акушер –гинеколог Гүлзина Мадраимова айтып берет.

Эрозия- жатын моюнчасынын былжыры жаракатка кабылганда пайда болот. Бул илдет менен түрдүү курактагы айымдар жабыркашат. Жатын моюнчасынын эрозиясын убагында дарылабаса тукумсуздукка, андан өтүп ракка алып келет.

Пайда болуу себептери:

  • Жыныстык катнаштын эрте башталышы
  • Жыныстык катнаштагы өнөктөштөрдү бат-баттан алмаштыруу
  • Жыныс инфекциялары
  • Жыныс мүчөнүн сезгенүүсү ( хламидия, герпес, трихомониаз, уреаплазма ж.б)
  • Төрөт, аборт, операция учурундагы жаракаттар
  • Гормоналдык бузулуу.

Оорунун белгилери:

  • Жыныстык катнашта оорутат
  • Жатындан ириңдүү суюктук бөлүнүп чыгат
  • Оору өрчүшүп кеткенде, жыныстык катнаш учурунда кан аралаш суюктук бөлүнүп чыгат.

Көп учурда жатын моюнчасынын эрозиясы медициналык текшерүүдө гана аныкталат.

Дарылоо жолдору:

Дарылоо пайда болгон себептерине, өлчөмүнө жана оорунун даражасына жараша жүргүзүлөт:

  • Сезгенүүгө каршы терапия
  • Химиялык криодеструкция
  • Лазердик терапия
  • Радио толкундуу хирургия.

Эң маанилүүсү профилактика: жылына бир жолу медициналык текшерүүдөн өтүп тургула!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт