// //

98% эркек балдар мастурбация кылат

2018.05.28, 10:28
15314

Күнүнө канча ирет маструбация кылса болот? Мастурбацияны адатка айлантуу ден-соолукка зыянбы же жокпу? Бул тууралуу уролог Нурбек Монолов төмөнкүлөрдү айтып берди.

Мастурбация – оргазм чакыруу максатында эрогендик зоналарды, жыныс органдарын жасалма жол менен дүүлүктүрүү.

Өспүрүм курактагы 98% эркек балдар мастурбация кылат. Бул нормалдуу көрүнүш. Мындай ыкма менен кумар алуунун ден-соолукка эч кандай зыяны жок. Эң башкысы өздүк гигиенаны сактоо керек.

Мастурбация учурундагы талаптар:

  • Колдун таза болуусу;
  • Ар кандай майларды колдонбоо;
  • Ыңгайлуу шарт;

Ата-эне баласы кичинекей кезинде мүчөсүн түрсө, курсагынын төмөн жагын өпкүлөп, кытыгыласа, бала кайрадан жагымдуу сезимге ээ болуу үчүн жыныс мүчөсүн кармалай баштайт. Ошентип бул адатка айланат.

Мастурбация кылуунун себептери:

  • Жыныс мүчөсүнүн кытышуусу;
  • Тар ич кийим же шым;
  • Ар кандай фильмдерди көрүү, аны туроо;

Кээ бир жаштар бир жумада бир жолу, айрымдары бир күндө эки ирээт жасалма жол аркылуу кумар алат. Ал эми өспүрүм жаңыдан мастурбация кыла баштаганда бат-баттан жасап турат. Бул адат жыныстык жактан толугу менен жетилип бүткөндө, жыныстык жашоо башталганда жоголот.

Мастурбацияны алдын алуу ыкмалары:

  • Жууркандан колду чыгарып жатуу;
  • Ойгонгондон кийин көпкө жатпай, дароо туруу;
  • Тар ич кийим кийбөө;
  • Күндө ич кийимди алмаштыруу;
  • Спорт менен машыгуу;
  • Сексуалдык сезимди козгоочу кинолордон, китептерден алыс болуу;
  • Ачуу, туздуу тамакты, өтө кызыл чайды, кофены ченеми менен колдонуу;
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
17.06.2019, 02:10

Зыяны жокпу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт