Аялымды сүйбөй калдым
Үйлөнгөнүмө 9 жылдын жүзү болуп калды. Бир уул, бир кызыбыз бар. Ачыгын айтканда жубайым эч жакпай калды, аны менен төшөктө жаткым келбейт. Кандай кылсам болот?
Илья Комаровер
Сексолог
Өнөктөшкө болгон сексуалдык кызыгуу себепсиз жок болуп кетпейт. Интимдик мамиле жүйөлүү себептерден улам бузулат. Адамдын организими жыныстык катнашта болуп турууга негизделген. 14-15 курактагы жаштар интимге бара алгандай эле, 50-90 жаштагы адамдар дагы барат. Сезимдер жоголуп кетпейт, болгону көнүп калуудан, монотондук жашоодон болот. Андыктан жыныстык катнашты ар түрдүү кылууга аракеттенүү керек. Күндө эртең менен ботко менен кофе иче берсең тажайсың. Бири-бириңерди сүйгөндөн кийин жагууга аракет кылгыла. Индиялыктардын жыныстык катнаш ыкмалары бар, ошону колдонгула. Дайым эле жыныстык катнашка жатаканда бара бербестен, дачага, мейманканага, батирге же болбосо табиятка барып кошулуңуздар. Балдарыңыз же туугандырңыздар тоскоол болуп жатса, аларга киного билет алып берип койсоңуздар, эки саатыңыздар пайда болот. Бул убакыт интимге барууга толук жетет. Сиздер жашоонун кызыгы болгон кумарды алып жашоого милдеттүүсүздөр. Эгерде өз алдынча колуңардан келбей жатса, редакциядан менин телефон номеримди алып байланышкыла.