Кореяга кантип кетем?
Кореяга канча жаштан баштап барса болот? Келишим кантип түзүлөт?
Нагима Ашимбекова
Маалыматтык-консультациялык борборунун Корея багытынын жетектөөчү адиси
Эгерде сиз жумуш издеп бара жатсаңыз Кыргызстан менен Кореянын ортосунда мамлекеттик программалык эмгек келишими бар. Келишимдин негизинде 18-39 жашка чейин сот жообуна тартылбаган, Кореядан департация болбогон Кыргызстан жарандары Кореяга жумушка орношуу үчүн жылына бир жолу боло турган тестке катышууга укугу бар. Эгерде тестти ийгиликтүү тапшырсаңыз керектүү документтерди чогултасыз. Бардык талаптарга жооп берип, жумушка алынып калсаңыз, сизге контракт жөнөтөт. Ошол контарктын негизинде эмгек визасы ачылат. Эмгек визасы бизге 1-3 жылга чейин деп келет. Ошондой эле Кореяда легалдуу эмгек визасынын негизинде 4 жыл 10 айга чейин иштесе болот. Кененирээк маалыматты www.eps.go.kr же болбосо маалыматтык-консультациялык борборунун http://oec.kg , миграция кызматынын http://kg.ssm.gov.kg/ сайтынын алсаңыздар болот.