Жөлөк пулубузду бербей жатышат
24 жаштамын. 3 балам бар, жалгыз бой энемин. Жөлөк пул алуу үчүн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө кайрылгам. Документтеримди топтоп, тапшырып жатканда айтылуу айыл өкмөттө иштеген Өмүрзакова Баринса аттуу кызматкер бейтапканада жаткан эле. Эки айдан кийин жөлөк пулубуз келди, барып аны өзүм алдым. Кийинки айдыкын алайын деп барсам, айтылуу Баринса атуу эже бейтапканадан чыгып, алып коюптур. Бериңиз десем “документтериңди мен кетиргем, мага беришиң керек” деп бир айлык акчабызды бербей койду. Учурда балдарым менен бул акчага абдан муктажбыз. Эмне кылсам болот? Кимге кайрылышым керек?
Назира Абдумуминова
Юрист
Баринса аттуу айымдын жоругу, кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу болуп саналат, мыйзам тарабынан жоопкерчиликке тартылат. Ошондой эле, жөлөк пул болобу же кандайдыр бир акча каражаты болобу алып жаткан адамдын колу менен гана берилиши керек. Сиз айыл өкмөтүнүн жетекчисине мекемеде эмне болуп жатканын айтып, кайрылыңыз. Эгерде алардан эч кандай майнап чыкпаса, укук коргоо органдарына арыз жазыңыз. Бул жерде сиздин жана балдарыңыздан укугу тебеленип жатат. Төмөндө сизге айыл өкмөтүнө жаза турган арыздын үлгүсүн көрсөттүм:
Башына: Кайсы айыл өкмөтү, жетекчинин аты-жөнү, өзүнүн аты-жөнү, дареги, байланыш телефону.
Сиздин карамагыңыздагы мекемеде иштеген Өмүрзакова Баринса аттуу кызматкер, менин жөлөк пул алуума документтерди жөнөткөндүгүн шылтоолоп, балдарымдын .... өлчөмүндөгү айлык жөлөк пулун өзүнө алып койду. Сизден бул ишти толук иликтеп, жалгыз бой эне болгон менин жана балдарымдын тебеленген укугун калыбына келтирип, акыйкаттыкка жетүүгө жардам берүүңүздү суранам. Учурда мамлекет бизди камсыздоого бөлүп берген акча каражатына абдан муктажбыз. Кыска мөөнөт ичинде бул маселе чечилбесе, менин жана балдарымдын укугун тепселеп, бизге тиешелүү акча каражатын Өмүрзакова Баринсага берип койгон кызматкерлерңизге жана ал мекеменин жетекчиси катары сиздин атыңызга арыз жазып, укук коргоо органдарына кайрылууга аргасыз болом. Урматым менен .....