Балам ооруп жатса, күйөөм көңүлдөш таап кетти
Менин алты айлык балам бар, ал коён ээрин болуп төрөлгөн. Операция кылдыралы деп жатканда жолдошум башканы таап алып, мага “кааласаң чыдап жаша, каалабасаң кете бер” деди. Аябай ыза болуп кыйналып жатам, ал көңүлдөшүнө оюндагысын алып берет экен. Ал эми балабызды дарылатууга келгенде “акча жок, акча болгондо барабыз” деп коёт. Азыркы учурда өзүмдүн апамдын үйүндөмүн, апамдын мага жардам берүүгө шарты жок. Эмне кылсам болот? Кеңеш бериңиздерчи?
Гүлбарчын Жумабаева
Никелер жана зомбулук боюнча эксперт
Урматтуу окурман, сиз жолдошуңуздун мыйзамдуу жубайысыз. Демек, баланы дарылоо операция кылдыруу жолдошуңуздун дагы, сиздин дагы милдетиңер. Жолдошуңуз балага карата үй-бүлөлүк зомбулук жасап жатат жана мыйзамдын чегинде жооп берип калышы мүмкүн. КРда жаңы кабыл алынган "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо" мыйзамынын 1-беренесине ылайык анын бул мамилеси зомбулуктун " Этибарсыз кайдыгер мамиле" деген түрүнө кирет жана мыйзам чегинде чара колдонулат. Ал үчүн жашаган жериңиз боюнча милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнө (Участковый) кайрылып арыз жазасыз. Мындан сырткары, ушул эле мыйзамдын 32-беренесине ылайык сиз өзүңүз сотко өз алдынча түрдө дагы кайрыла аласыз. Жолдошуңуз сизге психологиялык зомбулук көрсөттү. Бул берененин 4-пунктунда "жарандык жана үй-бүлөлүк мыйзамдарга ылайык башка талаптар" деп турат. Ошол башка талаптарга медициналык жактан дарылатуу дагы кирет. Сизди коргоого милициядан башка дагы жашаган жериңиз боюнча социалдык кызматкер, айыл өкмөтү жардам берүүгө милдеттүү. Милициянын ыйгарым укуктуу өкүлү материалдарды топтоп өткөрүп берсе Аксакалдар соту дагы карайт. Баланын, үй-бүлөнүн кызыкчылыгы биринчи орунда турат, ошол үчүн мыйзам чегиндеги бул аракеттердин баарын көрүңүз.
Мындан сырткары сиз түз эле Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрыласыз. Ал жактан медициналык социалдык өнүктүрүү борборунун тизмесине катталасыз. Кезегиңиз келгенде балаңызга Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан бекер операция жасалып берилет.