Баламды өзүм төрөй аламбы?
Мен биринчи баламды былтыр, 22-майда кесарево жолу менен жети айлык кылып төрөгөм. Себеби бөйрөгүмдө кан басымы болгон. Андан кийин жакшы эле сактанып жаткам, бирок учурда 4 айлык боюмда бар экен. Азыр баары жакшы. Октябрда төрөйсүң деп жатышат. Өзүм төрөй аламбы?
Гүльзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу суроо берүүчү, кесарево болгонуңа бир жыл боло элек экен. Андан тышкары кан басым болуп, төрөт оор болуптур. “Сактанып жүрүп кош бойлуу болуп калдым” деп жатасың. Мен, туура сактануу жолдорун жакшы билбегенден улам болду деп ойлом. Азыркы тапта ден-соолугуң жакшы экен. Баланы кантип төрөөнү ойлобостон, аны 9 ай кантип көтөрөм дегенге кам көрүшүң керек. Дарыгердин тыгыз көзөмөлүндө болуп, бөйрөгүңдү каратып, каның азбы же көппү билүү үчүн анализдериңди тапшыр. Кесарево болосуңбу же өзүң төрөйсүңбү 7 ай болуп, сегизинчи айга караганда билинет. Операция болгон жериңдин жаратына карап, жатын чыдайбы же жарылып кетүү коркунучу барбы УЗИден билинет. Анын жыйынтыктарына карап, төрөө жолдорун акушер-гинекологдор өздөрү чечет. Андыктан сен аны эмес, баланы жакшы көтөрүүнү ойло.