// //

Атам жигитимди "өлтүрөм" деди

2018.04.26, 10:57
1729

19 жаштамын. Жигитим бар. Бири-бирибизди аябай жакшы көрөбүз. 1,5 жылдан бери сүйлөшүп жүрөбүз. Март айында мени ала качты кылып үйүнө барганбыз. Аркабыздан ата-энем келип, каршы болгонума карабастан сүйрөп алып кетти. Жигитимдин ата-энеси үйүбүзгө келди, бирок атамдар макул болбой коюшту. Атам абдан ачуулуу, “жигитиңди көрсөм же ошону менен дагы сүйлөшкөнүңдү билсем же аны өлтүрөм, же өзүм өлөм” деп жатат. Жигитим жакшы адам, бир кемчилиги билими жок. Ата-энебизге билгизбей сүйлөшүп жүрөбүз. Бири-бирибизден баш тарта албай койдук. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.04.2018, 11:01

Тамара Воронцова

Психолог

Кымбаттуум, сиз 19 жаштагы, сүйүүнүн күлгүн көз айнегин тагынган студент экенсиз. Менде сиздин жигитиңиз тууралуу көп суроолор жаралды:

  • Жигитиңиз канча жашта?
  • Кайсы жерде иштейт?
  • Кандай үй-бүлөдөн?
  • Достору ким?
  • Кыялы, максаттары барбы?

Бул нерселер жана билиминин жоктугу абдан маанилүү. Экөөңүздөр тең социалдык тепкичтин бир баскычында туруп, баалуулуктарыңар, максаттарыңар бир болсо абдан жакшы болоор эле. Эң негизгиси жигитиңиз бүгүнкү күндө эмнеге жете алды, эмгекчилби же жалкообу?

Үй-бүлө курууда сүйүү болушу керек, бирок ошону менен катар бир гана сезим менен эмес, башка жактарды дагы камтуу зарыл. Себеби силер өмүр боюу жашоону калап жатасыңар да!

Ата-энеңиз катуу каршы болуп жатканы-бул олуттуу нерсе. Сиз жай олтуруп алып алардын дагы пикирин угуп көрүңүз. Мен алардын каршы болуусунда жүйөөлүү бир себеп бар деп ойлойм.

Жигитиңиз колуңузду сурабай, калыңга, үйлөнүү тойго каражат иштеп таппай сизди ала качып кеткени туура эмес. Ала качуу деген салт жок, бул кылмыш. Кыз макул болгон күндө дагы, анын бул иши кызды, анын ата-энесин, салтты сыйлабаганга жатат. Бул төмөн жана татыксыз кадам.

Мурун кембагал, кызды татыктуу кылып ата-энесинин колунан алып кете албаган жигиттер ала качаар эле. Сиз кантип үй-бүлөңүздөн бул сыйы жок кадам менен кетип, өзүңүздүн дагы, ата-энеңиздин дагы баркын төмөндөтүүгө макул болдуңуз! Сиз жаш, сүйүүгө мас болгон күндө дагы, ар бир кызда өзүн сыйлоо, намыс деген болушу керек.

Практика жүзүндө көрсөткөндөй, мындай жол менен курулган үй-бүлөлүк жашоо узакка созулбайт, бекем болбойт жана кыздар бактысыз болуп калышат. Эмнеге дегенде алар сүйүүдөн башка нерсени көз жаздымга алышкан эмес. Материалдык жактан кыйынчылыктар, түрдүү көз караштар, тарбиялар, ата-энеси аялын жана балдарын багат деген күйөсүнүн жалкоолугу болгон сүйүүнүн аягы үй-бүлө дубалын уратат.

Эгерде сиз бизнес ачууну кааласаңыз, бардык тарабын анализдеп чыкмаксыз. Демек үй-бүлө курууда дагы бир гана сүйүү аздык кылат. Ата-энеңизди угуңуз, кеңешиңиз, ойлонуп анан бир чечимге келиңиз. Жигитиңиз сизди сөздөр аркылуу гана сүйөт. Шашылбаңыз. Сиз түшкөн деңгээлге, келечектеги балдарыңыз дагы түшөөрүн унутпаңыз. Сизге туура чечим кабыл алууну каалайм. Дагы айта кетчү нерсе, курмандык болууну эч ким, эч качан баалаган эмес.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт