Курбум мени таштап кетчүдөй сезилип жатат
Мен аябай кыйналып жүрөм. Менин курбум мени таштап кетчүдөй сезилип жатат. Себеби ал кызды оомо деп уккам. Достошконума 8 ай болду, ал кызсыз өзүмдү жалгыз элестете албайм. Ага сени башкалар азгырып жүрөт, аларга ооп кетпе деп айтайын дейм, бирок такыр эле жоготуп аламбы деп корком. Өтө байланып калдым ал кызга, жакын досум катары эсептейм. Кеңеш бериниздерчи!
Айгүл Ысыкеева
психолог
Бир адамга байланып калуу себеби?
Эгер бала жакын адамынан туруктуулук менен сүйүүнү көрбөй өссө, аларды жоготуп алуудан коркуп, же аларга керегим жок экен деп ойлоп жакын болууга аркет жасап байланма болуп калат. Адамдар арасында кээ бирде ушундай мамилелер түзүлөт, бири-бирине катуу байланышат. Менин оюмча сиздин жашооңузда дагы ушундай мамилелер болгон жана болуп келет. Ошол үчүн дос кызыңыз менен бекем байланыш курганга аракет кылып, анан байланышты үзбөйүн деген коркунуч менен кызганып, абдан коркосуз. Эгер бул байланыш мамилесинен арылбасаңыз, келечектеги жолдошуңузга сүйүп турмуш курбай эле байланып жашап калышыңыз мүмкүн. Мындай мамиледе кыйынчылыктар абдан көп болот. Мисалга кызганыч, коркуу, жалгыздык жана башка.
Азыр эмне кылыш керек?
Эгер ал кыз сени таштап башкага ооп кетсе эмне болот же эмне өзгөрөт мына ушуну карап чыгыңыз. Менимче эч нерсе өзгөрбөйт, сиз мурунку калыбыңызда эле каласыз. Акыл эсиңиз, дене мүчөңүз өзүңүздө эле калат. Бир эле дос менен чектелбей башка досторду күтө бил, сабак окуп, ийримдеге катышып же болбосо жумуш таап иштеңиз. Бул айткандарды аткарсаңыз достор менен тааныштардын түрүн күтөсүз. Эң башкысы ал досуң кетип калса сиз менен эмне болушу мүмкүн? Эмнеге ал досуңузду кызганып, башка менен достоштургуңуз келбей жатат? Мына ушул суроолорго жооп издеп табыңыз.