Ангина кыйнады
Кыздарым 3 жана 1.5 жашта. Ангинасы бар. Тез-тез ооруп кыйналышат. Жамгыр жааганда же суук болгондо ооруп калышат. Ооруй берип кыйналып кеттик. Эмне кылсак болот?
Жаңыл Мусамбетова
Педиатр
Кичинекей балдарда ангина ар кандай микробдордон пайда болот. Бул микробдор таза эмес, сапатсыз азыктар менен ооз көңдөйүнө кирет. Ошондой эле ангина бир адамдан экинчи адамга жугат. Ангина болгондо тамакты фурациллин, шалфейдин, ромашка, соданын кайнатмасы менен чайкатып туруңуз. Майлуу, ачуу жана таттуу тамактарды көп бербеңиз, жашылча-жемиштерден, шире берип, кайнатылган гана суу ичириңиз. Жеп жаткан тамактарына көңүл буруп, курамында белок, углевод, витаминдер көп болгон азыктарды тандаңыз. Канчалык көп витамин жесе, иммунитети ошончолук жогору болот. Антибиотиктер жардам бербей жатса, сөзсүз түрдө дарыгерге алып барып, башкасын жаздырыңыз. Ангина өтүшүп кетсе, муун, кулак сыяктуу коркунучтуу ооруларга алып келет.