// //

Университет тандоодо эмнелерди билүү маанилүү?

2018.04.25, 15:13
2907

                                      

Кайсы университеттердин бүтүрүүчүлөрү бир нече жылдан кийин суроо-талап жаратат? Кандай багыттарга бюджеттик орундар берилет жана кайсы жерде атаандаштык көп? Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков айтып берди.

                                               Image result for КУДАЙБЕРДИ ГАПАРАЛИЕВИЧ

- Бул жылы кайсы багыттагы адистиктерге бюджеттик орундар көп берилет?

Жылына тиешелүү изилдөөлөргө таянуу менен мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларына жалпысынан 5700 гранттык орун бөлүнөт. Негизинен педагогикалык, медициналык багыттарга көбүрөөк басым жасалат. Быйылкы окуу жылында бир өзгөчөлүк катары IT технология, программалоо багыттарына бюджеттик орун көбөйтүлүшү мүмкүн. Ошондой эле тоо-кен, айыл-чарба багыттарына дагы гранттык орундар берилип келет.

Гранттык орундарга илингиси келген бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТдан алган упайы 110дон жогору болушу керек. Маалыматтар боюнча бюджеттик орундарга педагогика, физика-математикадан тышкаркы багыттагы адистиктерде конкурс өтө жогору болот. Төмөн упай алган абитуриенттер көп тапшырган университеттердин билим деңгээлинин сапаты начар деп бир жактуу айтууга болбойт. Себеби, бир окуу жайда бир адистикке беш эле орун бөлүнгөн болсо ага жогорку упай алгандар өтөт.

Лидер университеттерди аныктоо үчүн жакынкы аралыкта багыттар боюнча рейтинг чыгарабыз. Бүтүрүчүүлөрүбүз бул рейтинг менен май айларынын аягында ММК, биздин сайт аркылуу тааныша алат.

                                                    

- Стипендия кимдерге берилет?

- Мамлекет гранттык негизде окуган студенттерге гана стипендия берет. Бирок каражат бөлүп берип жаткандан кийин, бир талабы бар.

Медицина жана педагогика багытындагы бюджеттик орундардын бүтүрүүчүлөрү тиешелүү тармактарга бөлүштүрүлүп, 2-3 жыл бекер иштеп беришет.

Ал эми студенттердин үй-бүлөлүк шартына же жүйөлүү себептерине карап университеттер өздөрү контрактык төлөмгө жеңилдиктерди жасап берүү сыяктуу социалдык жардам көрсөтөт.

                                                       

- Мамлекеттик ЖОЖдордун берген диплому чет өлкөлөрдө таанылабы?

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги эл аралык макулдашуу жүргүзгөн мамлекеттер бар. Эгерде бүтүрүүчү жумуш издеп айтылуу мамлекеттердин бирине барып калса, анын диплому таанылат. 2016-2017 жылдан баштап  ар бир университетибиз бүтүрүүчүсүнө бере турган дипломунун чет өлкөлөрдө таанылуусу үчүн көз карандысыз агенттиктерден аккредитациядан өтүп жатат. Бизде бул боюнча 4 агенттик бар. Алсак, жакынкы 2-3 жылдын ичинде биздин бүтүрүүчүнүн бүткөн адистиги бул көз карандысыз агенттиктерден сапатын кепилдеп, аккредитациядан өткөн болсо, ал бүтүрүүчү Европа сыяктуу чет мамлекеттерге чыгып калса, анын диплому сөзсүз түрдө таанылат. 

                                              

- Кайсы адистиктин студенттери бир нече жылдан кийин суроо-талапка ээ боло алат?

- Биз гранттык орундарды бөлүп жатканда эмгек министрлигинин жакынкы 4 жылда кайсы адистиктерге муктаждык болот деген маалыматына карайбыз.

Расмий изилдөөлөрүбүзгө ылайык алдыңкы орунду IT тармагы ээледи. Тоо-кен, айыл-чарба багыттарына дагы муктаж күчөп жатат. Ошондой эле Кыргызстан рыногунда орто кесиптик жумушчуларга суроо-талап жогору.

Ата-энелер дагы балдарынын конкреттүү кесип үйрөнүүсүн кааалап калышты. Бүгүнкү күндө дуалдык билим берүү эң популярдуу болуп жатат. Бул деген окууга тапшыргандан баштап эле, фирма же заводго барып иштейт. Биз дагы бул багытты өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз.

                                                        

- Абитуриент билим берүү мекемесин тандап жатканда эмнелерди эске алышы керек?

- Биздин кемчилигибиз бүтүрүүчү мен окуумду бүткөндөн кийин кандай натыйжаларга жетиша алам деген суроого жооп издебегенинде болууда. ЖОЖго келип, колунан эмне келээрин билбей эле окуп жатышат.

Андыктан биринчиден өз жөндөмүн карап, экинчиден кызыккан багытын тактап, бул багыт боюнча билим бере турган 2-3 университетке барып “силерге тапшырсам кандай жыйынтыкка ээ болом” деп сураш керек.

Азыртадан кайда иштей тургандыгы туралуу ойлонуу зарыл. Азыркы заманда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү абдан көп, аларды пайдаланганга жетишкиле демекчимин.

                                                      

                                                       

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт