// //

Апам 11 жылдан бери бат-баттан температура болот

2018.04.13, 14:15
1450

Апам 11 жылдан бери бат-баттан температура болот. Жазылып калган кезде ар бир жерине чиркей чаккандай бүдүр чыгат, дарыгерлер “вебера крисчена” деп диогноз койгон, дайыма преднизолон ичет. Ушунун айынан көзү жакшы көрбөй жатат, ага укол алган эми катарактасын алабыз операция жолу менен деген. Ошол операцияга кандай көз караштасыз, кылдыра берсе болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.04.2018, 14:21

Аида Аскеева

офтальмолог

Сиздин апаңыздын оорусу күчөп бара жаткан катаракта экен. Мунун пайда болушунун себеби көп температура болуп дайыма гормон алгандан. Катарактаны алдыруу керек, алдырбасаңар оору жетилип көздүн басымы көтөрүлөт же болбосо чечекейдин (хрусталик) ичиндеги масса чыгып кетет, бул учурда дагы көздүн басымы жогорулайт. Же болбосо борсоюп көздөгү суюктукту токтотуп коёт, мындай учурда басым көтөрүлүп, нервдер жабыркап көз көрбөй калат. Эгер операцияны азыр жасаткыла десе, жасатуу керек. Сиздерден “көздөгү чечекейди алып салып жасалма чечекей коёлубу” десе макул болгула.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт