// //

Шарият боюнча кыздар милиционер болсо болобу?

2018.04.13, 12:23
1831

Кыздар шарият боюнча каратэге катышып, милиция кызматына иштегенге болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.04.2018, 12:24

Кадыр Маликов

Теолог

Ислам негиздерине ылайык аял киши спорт менен машыкса болот. Бирок эне катары ден-соолугуна зыян келтирбей турган түрлөрүн тандоо менен гана. Алсак, кыз киши каратэ, таэквандо же болбосо башка күрөш спорт түрү менен машыкса, сөзсүз түрдө этият болуп, машыктыруучусу дагы аларга өзүнчө шарт түзүп бериши керек. Милиционер болууга же армияда кызмат өтөөгө дагы шарият уруксат берет. Болгону аялдарга эркектерге жасалгандай басым болбоосун талап кылат. Эч ким, эч нерсе аял кишинин милиционер болуусуна тоскоол боло албайт. Болгону кызмат өтөө шарты аялдарга ылайык болушу зарыл. Аялдарга армиянын башчысы болууга болбойт, өтөгөн кызматы физиологиялык жана психологиялык ден-соолугуна терс таасирин тийгизбеши керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт