// //

Балаңызды “эшек”  десеңиз, эшек болот

2018.04.24, 17:07
6746

Балдарга таалим-тарбия берүүдө үй-бүлөнүн ролу чоң. Үй-бүлөдөн алган тарбия адамда өмүр бою сакталат. Баланы туура тарбиялоо тууралуу Балдарды коргоо борборунун психологу Таалай Жакыпов ой бөлүштү.

Балдарга тыюу салууга болбойт

10-11 жашка чейин эне менен баланын ортосунда тыгыз байланыш болот. Энеде эмне гана болбосун, анын баарын бала сезет, кабыл алат. Ата-эненин оозунан чыккан сөз же каргыш, же ак бата болот. “Колуңан эч нерсе келбейт”, “Эшек, чочко” деп катуу айтып тилдөө балага гипноз сыяктуу “сен ошондой бол” дегенге жатат.

Баланы кантип таңабыз?

“Эмнеге ал жакты карап жатасың, түз бас” - көзүн таңдык,

“Сүйлөбөй отур” - оозун жаптык,

“Айтканды укпайсыңбы, сөзгө аралашпай жөн тур” - кулагын жаптык,

“Ыйлаба” - сезимдерин таңдык.

Мындай мамилебиз менен баланы катуу ороп коёбуз. Тыюу салуулардан алыс болуп, ата-эне оозуна караш керек. Айткан сөзүнө маани берип жүрбөсө ошонун баары балага таасир берет. “Сенин колуңан эч нерсе келбейт” десек, бала “менин колуман эч нерсе келбейт турбайбы” дейт. “Менин балам татынакай, тарбиялуу, ыймандуу” деп айтсак, балада “мен сулуумун, акылдуумун” деген ой пайда болот.

Баланы мактабагыла

Тарбия берүү дегенде эле мактап эмес, жасаган эмгегин туя билип, бала менен ачык сүйлөшүү керек. Отуруп алып, бир чака суу көтөрүп келсе мактай берсек болбойт. Кийин  бала чоңойгондо мактоо жетпей, татыктуу болбой калганда өзүн кем сезе баштайт. Айрыкча эркек балдар.

 Бүгүнкү күндө аялдар менен эркектерди салыштырса эркектерде жүрөк оору, бел оору, кан оорулары, суицидке барып жаткандары көп. Эмнеге дегенде кичинекейинде ата-энеси “менин балам чоң болот” деп мактоо бирдиктерин көп берсе чоңойгондо бала колунан келбей жатса көңүлү калып, өзүн кем сезип, жашабай эле койсом болчудай дей баштайт.

Тарбия берүүдө баладан ашыкча нерселерди талап кылбай, анын кем жактарын дагы түшүнө билүү керек. Айталык бала бир чака суу алып келсе, кыз үй жыйнап, тазаласа бул анын милдети, мактай турган нерсе эмес.

Бала менен кызды өз-өзүнчө тарбиялайт

Алты жашка чейин бала менен кызды тарбиялоодо көп айырма байкалбайт. Алты жаштан кийин, көпчүлүк учурда 10 жашка келгенде бала атасынын, кыз апасынын таасирине кетиши керек. Анын аркасынан жүрүп, жасаганын жасап дегендей.

Балдарга үй-бүлөдөгү жоопкерчилик жөнүндө дайыма түшүнүк берип, үй-бүлөдө ата-эненин өз ролу бар экенин көрсөтүү зарыл. Эркектин ролу сырттан акча таап келип, үй-бүлөсүн багып, коопсуздугун камсыздап, шарт түзүп берүү, эне үйдөгү ички мамилени түзгөндү аракет кылат.

Кыздардын ички энергиясы көп болот. Карап турсак кыйынчылык болгондо эркектер өздөрүн таштап жиберишет. Аял антпейт, чыдамдуу аягына чейин жетет. Эркекте андай эмес, эркек күч кубатты аялдан алат. Аял эркегин шыктандырып “сенин колуңдан келет, азаматсың, үй-бүлөнү багасың” дегендин өзү балага берип жаткан тарбия.

Кээде какыс-кукус кылып коюу керек

Балага тарбия берүүдө кол тийгизбей эле кой, бирок ортодо пайда болгон абалга жараша ата-эне өзүнүн сезимин билдирсин. Мисалы, эки бир тууган ойноп жатат. Агасы инисинин башын атайлап жарып койду. Анан ата-эне токтоо болуп “кой чаппа” деп койсо, бала эч нерсе түшүнбөйт, эртеси аны кайталайт. Эгерде эне “карачы эмне кылдың” деп бир-эки жолу кол тийгизип койсо, бала туура эмес кылганын, экинчи антпеш керек экендигин ойлонуп калат.

Чарчап жумуштан келгенде балаңыз чыга калып, жабышып жатса “ары турчу” деп айтуу, аны чапканга эле барабар болуп, көнүлү сууп калат. Анын ордуна “мен бүгүн аябай чарчап келдим, беш мүнөт жата турайын, анан кел экөөбүз ойнойбуз” десеңиз, бала баарын түшүнөт. Сиз эс алып жатканда жаныңызга эч кимди жолотпойт.

Балага тарбия берип жатканда, аны өз алдынчалыкка үйрөтүүнү унутпайлы. Кичинекей бала “оюнчугум кана” деп жаңыңызга келсе, биз өзүбүз таап берип коёбуз. Анын ордуна “ жүрчү чогуу издейли, сен бул жакты кара” деп айтсак бала кокустан оюнчугун таап алса, сүйүнөт. Кийин чоңойгон сайын шымым кана, көйнөгүм кана дебей эле өзү издеп таап алат.

Эң негизгиси балага көңүл буруп, мээрим төккөндү үйрөнөлү. Мээримди көз, сөз жана дене менен беребиз. Аалам ага душман эмес, дос экинин билдирүү керек. Биз канчалык кучактап, бетинен өөп, “мен сени жакшы көрөм” деп айтсак, бала ошончолук айлана-чөйрөнү кабыл алып, бактылуу болуп чоңойот.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт