// //

Чүнчүткөн жалгыздык же баары бирөөгө каршы чыкканда...

2018.04.23, 15:48
3871

Дүйнөдө 36.7 млн. адам ВИЧ менен ооруйт. 20.9 млн.адам антиретровирустук дарылоодон өтүп жатса, 1.8 млн. адам ВИЧти жуктурган.

СПИДди алдын алуу жана андан ары жайылуусун токтотуу боюнча көп жылдардан бери бир топ иштер жасалып келатат. Бирок буга карабастан адамдын иммунитетинин начарлашына алып келген вирус глобалдык коомдук саламаттык сактоонун негизги көйгөйлөрүнүн бири бойдон кала берүүдө. “СПИД – XX кылымдын кара тумоосу”, “СПИД адамзатын жок кылат” – адамдарды жугуштуу оорудан сактанганга үйрөтүү максатында бир нече жыл мурда бизди ушундай жүрөктүн үшүн алган сөздөр менен коркутуп келишкен. Бирок бул тескери натыйжа берди. ВИЧ менен жашаган адамдар коркуу сезими менен күн өткөрүп калышты. Оору кайсы жолдор менен жугаарын көптөр эстеп калбаганы менен, “кара тумоо” жана “өлүм” деген сөздөр мээбизге терең сиңип калгандай.

Бүгүнкү күндө ВИЧ – бул дарыларды өз убагында ичип турууну талап кылган өнөкөт оору. Вирусту алып жүргөн адам дары-дармектердин жардамы менен айлана-чөйрөсүндөгү адамдарга эч кандай коркунуч жаратпайт. Ар бир адам сасык тумоо жуктуруп алып, бул оорудан көз жумушу ыктымал деген тобокелдик жогору болсо да, ВИЧ менен жашаган адамдарга карата стигма эч жоголбой койду. Бул адамдарды коомдо басмырлашып, эч кабыл албай жатышат. Мындан улам бул адамдар чүнчүп, өзүнүн статусун бекем жашырууга мажбур болушууда. Көп адамдар дарыланышпайт. Бул болсо өз кезегинде ооруну алдын алууга жана андан ары жайылуусуна бут тосууда.

ВИЧ менен жашаган адамдар тегерегиндегилер үчүн коркунучтуу эмес

ВИЧ – адамдын иммунитетин аксаткан вирус. Бул вирустун айынан адамдын организми түрдүү оорулар жана инфекциялар менен күрөшө албай калат. СПИД – бул кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому, ВИЧтин акыркы чеги болуп саналат. Иммун таңсыктыгынын вирусунун фонунда күчөгөн оорулардан адам айыга албай, мунун соңу өлүмгө алып келет. ВИЧ бир нече жол менен жугат:

  • ВИЧ-инфекциялуу адам менен корголбогон жыныстык катнаш аркылуу;
  • ВИЧ-инфекциялуу адам менен бир ийнени колдонгон учурда;
  • ВИЧ-инфекциялуу энеден балага жугат (кош бойлуу маалында, төрөт учурунда же төрөттөн кийин эмчек эмизген учурда).

ВИЧ аба аркылуу да, турмуш-тиричиликте колдонулган буюмдар аркылуу да жукпайт! Вирус тышкы чөйрөдө туруксуз, өз алдынча жашап кете албайт.

Антиретровирустук дарылоонун жардамы менен бүгүнкү күндө ВИЧ адам үчүн өкүм болбой калды. Бул вирусту алып жүргөн адам инфекцияны башкаларга жуктурбай, жашоонун жыргалын көрүп, узак өмүр сүрө алат. Ал үй-бүлө күтүп, дени сак балдарды төрөй алат. Бирок мунун баары вирусту эрте мөөнөтүндө аныктап, токтоосуз дарылоодон өтө баштаган шарттарда гана мүмкүн болот.

Кыргызстанда эпидемия жүрүп жатабы?

Республикалык “СПИД” борборунун маалыматы боюнча, 2018-жылдын 1-январына карата өлкө боюнча ВИЧ менен жашаган 7948 адам катталган. 544 киши СПИДден көз жумган.

ЮНЭЙДСтин баяндамасына ылайык, 2010-жылы Кыргызстан ВИЧ-инфекциясын аныктоонун темпи ыкчам болгон жети өлкөнүн катарына кирген. Бул биринчи кезекте 2010-жылы ВИЧ-инфекциясына тесттен өткөндөрдүн саны 2006-жылга салыштырмалуу 1,8 эсе көбөйгөнүнө байланыштуу болду. Кыргызстан ВИЧ-инфекциясынын жайылуу деңгээли төмөн өлкө бойдон кала берүүдө.

                                         

ВИЧти аныктоонун динамикасы

Ушул тапта Кыргызстанда вирусту жыныстык катнаш акылуу жуктургандардын саны көбөйүп жатканы кооптондурган факт болууда. Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясынын эпидемиясы экинчи – концентрацияланган баскычында турат. Узак жылдар бою дарыгерлер бул вирус аярлуу топторго кирген адамдарга, башкача айтканда, маңзатты ийне менен колдонгондорго же эркек менен сексуалдык мамиле түзгөн эркектерге гана жугат деп көп айтып келишкен. Бирок жашоо дарыгерлердин бул ырастоосу туура эмес болгонун тастыктады. Оору жалпы популяцияга кирип, ВИЧти энесинен жуктуруп алган балдарда да аныкталып жатат.

“Эмне үчүн мен?” ВИЧти жуктуруу жолдору

ВИЧ менен жашаган Адыл 12 жашта, ал Кара-Суу районунда турат. Адылдын окуясын тайнеси Толгонай (бардык ысымдар өзгөртүлүп берилди) айтып берди.

Адыл эки жашында ооруп калды. Дарылануу үчүн апасы экөө ооруканага жатууга мажбур болгон эле. Биздин божомолубуз боюнча, ал ооруну ошол жактан жугузуп алган, себеби ата-энесинде бул вирус чыккан жок. Кандай жагдайда ага вирус жугуп калганын так билбейбиз. Ал көпкө жакшы боло албай жүрдү. Мисалы, башка балдар бир нече күн ооруп, акыры сакайып кетсе, Адыл айлап ооруй берчү. Анын иммунитетинин чабалдыгына дайыма таң кала берчүбүз, бирок ага ВИЧ жуккан деп эзели ойлогон эмеспиз. Бир жолу 2004-2005-2006-жылдары төрөлгөн балдарды ВИЧке жапырт текшерүү үчүн биздин айылыбызга дарыгерлер келип калды. Болду-болбоду деп неберемди ээрчитип барып, анализдерин тапшырдык. Ошентип Адылда вирус бар экени белгилүү болду”, - деп эстеп отурду Толгонай.

Толгонайдын айтымында, алгач жашоо ушуну менен бүткөндөй сезилген. Бирок кийин дарыгерлер ага бул жөн гана өнөкөт оору болгонун айтышканда ал жеңилдей түштү. Адылдын ВИЧ-статусу тууралуу үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү билишет. Алар ВИЧ деген эмне экенин, аны жуктуруп алуунун жолдорун жакшы билгендиктен Адылды түртмөлөбөстөн, ага жакшы мамиле жасашат. “Башкалардан болсо Адылдын оорусун жашырып келебиз. Биздин үйгө конок келгенде АРВ-дарыларды “витаминге” алмаштырып коёбуз жана алардын көзүнчө “витаминдерди” ичип туруш керектигин эскертип турабыз. Мурда Адыл эч нерседен кабарсыз болчу, азыр болсо баарын түшүнүп калды. Ал АРВ-дарыларын сегиз жашынан бери ичет. Ошондо ал эмне үчүн ал гана дары ичиши керектигин, башкалар эмне үчүн бул дарыны колдонбой турганын сурай берчү. Биз болсо витаминдер оорубай, дени сак чоңоюшу үчүн керек деп айтчубуз. Азыр, Кудайга шүгүр, дарыны туруктуу ичип турат. Азыр ал баарын түшүнүп калганына карбастан, кээде ыйлап, эмне үчүн ВИЧ мага жукту деп сурап калат, - деп сөзүн жыйынтыктады Толгонай.

Эмне үчүн ВИЧке каршы туруу боюнча түрдүү программаларга карабастан вирус жайылууда? Мунун себептери көп, бирок биз стигманы жана басмырлоону, ошондой эле дарылоого маани бербегендикти тереңирээк карап чыгалы. Дал ушулар оорунун жайылуусуна таасирин тийгизип келүүдө. Бул себептер бири-бири менен тыгыз байланышта турат.

ВИЧ оорулуу адамдар атүгүл дарыгерлерден коркушат

Дарылоону жактоо – бейтаптын жүрүм-турумунун дарыгердин сунуштамаларына шайкештик даражасы.

“Өнөктөштүк тарамы” Ассоциациясынын башчысы Айбар Султангазиев:

Дарылоону жактоо боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыктары азырынча жок. Айрым ВИЧ оорулуулар уйкусуздук, көңүл айлануу, туталануу өңдүү белгилерден улам дарыларды ичүүдөн баш тартышат. Дарыны алуу үчүн аптасына 2-3 жолу ары-бери каттоо зарылчылыгы да дарылануудан баш тартууга себеп болууда. Бирок негизги себептердин бири – стигма”-деди.

“Стигма” термини байыркы грек “энтамга” сөзүнөн чыккан. Адамдын кандайдыр бир жаман сапатын белгилеш үчүн, мисалы, ал чыккынчы болгонун көрсөтүш үчүн ага энтамга басышчу. Биз XXI кылымда жашап жатканыбыз менен, адамдар ВИЧ менен жашаган адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына “энтамга” басканды уланта беришүүдө.

Дарыгерлер тарабынан стигма деген эмне экенин Асель (аты өзгөртүлдү) жакшы билет. ВИЧ-инфекциясын ага маңзат колдонгон күйөөсү жугузган. Аял көпкө чейин бул диагнозго ишене албай жүрдү: ал ВИЧ жуктуруп алганын мойнуна алгысы келбей, депрессияга түшүп кеткен. Мындай абалдан аны психологдор жана консультанттар алып чыгышкан. Акыры аял өзүн жемелей бергенди да токтотту. “Мен өзүмдү коомдун бир таштандысындай сезчүмүн, мен жаман адам болгондуктан ушул оору жукту деп ойлочумун”, - деп ошол күндөрдү эстеп отурду Асель. Бирок кыйынчылыктар муну менен эле бүтүп калган жери жок. Азыр аял ооруну басаңдатуучу дарылар менен гана жашап калды, ага операция жасалышы керек, бирок дарыгерлер Аселдин ВИЧ-статусунан улам операция жасоодон баш тартышкан.

Бишкектеги ооруканалардын биринде Аселдин диагнозун билээр замат медициналык тастыктамаларын бетине ыргытышкан. “Мен Кыргызстандагы ооруканаларды, бейтапканаларды кыдырып жүргөн маалда айрым дарыгерлердин реакциясы менин сай-сөөгүмдү сыздатты. Мен дарылоодон өтүп жатам, дарыгерлер дарылар кандай таасир тийгизээрин билиши керек, бирок алар баары бир корко беришет. Мен жеке клиникаларга да баш бактым. Ал жакта мага “Билесизби, Кыргызстанда эч ким сизге операция жасабайт” деп бетиме эле айтышты. “Эмне үчүн?” деп сурасам, баары корко турганын айтышты”, - деп ой бөлүштү Асель. Бактыга жараша Асель башка медициналык мекемедеги дарыгерлер менен макулдаша алды жана азыр операцияга акча издеп жүргөн кези.

Стигмадан жана ВИЧ-вирусу – сексуалдык кызмат көрсөткөн аялдардын жана баңгилерди оорусу деген жалган ойлордон улам көптөгөн адамдар вирусту алып жүрсө да, бул тууралуу биле беришпейт. Мынлан улам алар зарыл болгон медициналык жардамды да алышпайт. Дагы бир жолу кайталайбыз, ВИЧ – бул “аягы суюк” адамдардын көйгөйү эмес. Бүгүнкү күндө ар бир адам ооруну жуктуруп алышы мүмкүн.

“Биз – желмогуз эмеспиз”

“ВИЧ менен жашаган адамдар желмогуз эмес” – бир нече ай мурда өзүнүн ВИЧ-статусун билген Бактыгүл Шүкүрова коомчулукка ушундай сөздөр менен кайрылды.

"Коом ВИЧ менен жашаган адамдарга энбелги басканды токтотушу үчүн, вирусту алып жүргөн башка адамдардын таламын талашып, аял мына ушундай кадамга барууну чечкен. Бактыгүл ВИЧ менен жашаган адам башкалардан эч айырмаланбай турганын далилдегиси келет. “Дал ушул билбестик коркуу сезимин пайда кылат. Ал эми бул сезим ВИЧке байланышкан түрдүү имиш кептерди да жаратат. Бул оору ар бир адамга, анын жакындарына, балдарына жугушу мүмкүн. Эгерде биз ачык сүйлөгөндү үйрөнүп, адамдар ВИЧ менен жашагандарды кодулаганын токтотсо, биз Кыргызстанда ВИЧти жеңе алабыз, бул вирусту жуктургандардын саны азаят. Мен ВИЧ-статусу бар адамдар желмогуз болбогонун, токойдо жашаган жапайы адам эмес экенин, түрү суук бир жандык эместигин өз мисалымда көрсөтүп жатам”, - деди Бактыгүл.

Бактыгүлгө вирусту күйөөсү Умид Шүкүров жугузган. Экөө тең антиретровирустук дарыларды ичип тургандыктан жаңы төрөлгөн кызынан ВИЧ чыккан жок. “Кызым төрөлүп, бардык анализдер таза чыкканда мен жашоомдогу баалуулуктар тууралуу пикиримди түп-тамырынан бери өзгөрттүм, менде мындан ары жашоого дем пайда болду. Ошол учурдан баштап өзүмө, негизи эле жашоого болгон көз карашым өзгөрдү”, - деп ой бөлүштү ал. Бактыгүл ВИЧ менен жашаган түгөйлөр дарыгерлердин айткандарын жасаса, антиретровирустук дарыларды ичип турса, дени сак бала төрөлө турганын баса белгиледи.

Мурда бойдон алдырууга мажбурлашчу

Жылдыздын (аты өзгөртүлдү) окуясын ВИЧ менен өткөн жашоонун ийгиликтүү мисалы катары бааласа болот. ВИЧ-статусу бар аял эки дени сак баланы төрөп, ВИЧ менен жашаган адамдардын укугун коргогон чөйрөдө иштейт.

Мен ВИЧ инфекциясын жуктуруп алганга чейин бул адамдарга - “спидчилерге”кандай мамиле жасап келгеним эсимде. Мен бул “баңгилер” менен “сойкулар” тууралуу баарын билчүмүн, аларды “арамзалар” дечүмүн. Анан бул вирус сенден табылганын түшүнгөндө отуруп алып “Мына сага! Арамза мен болуп чыктым го!” деп ойлоносуң”, - деп айтып берди Жылдыз. Бүгүнкү күндө аялдын жашоосунда көптөгөн оң өзгөрүүлөр болду: алардын эң маанилүүсү – балалуу болду. “10 жыл бою төрөй албай жүрдүм. Эне болгум келет деп ызы-чуу салган учурларым көп болду. ВИЧ-статусумду билгенден кийин 2-3 жылдан соң боюма бүттү. Дарыгерлер бойдон алдырууну сунушташты. Ал маалда ВИЧ-инфекциялуу аялдарга аборт жасатууну сунушташчу. Дарыгерлер АВР-препараттарды ичкенден кийин дени соо бала төрөлөөрүнө ишенбегендиктен өзүнө жоопкерчилик алгысы келишчү эмес окшойт. Анын үстүнө балким аялдарда да маалымат аз болчу”, - деп айтып берди Жылдыз.

Кыргызстанда ВИЧ-диссиденттер барбы?

ВИЧти алып жүргөн, бирок өз статусун кабыл алгысы келбеген адамдар өлкөдө көп эмес. Балким адам өзүнүн статусун кабылдагысы келбеген айрым учурлар болушу мүмкүн.Мындай адам ооруну жуктуруп алгыдай ишке барбаганына ишенет. Мындан улам ал жоголуп кетет. Үч-төрт жылдан кийин ооруй баштаганда анын статусу клиникалык көрсөткүчтөр боюнча ооруканада аныкталат. Башкача айтканда адам өмүрүнүн үч-төрт жылын эч дарыланбай жүрүп өткөрүп жиберет. Балким мында медициналык кызматкерлердин да кемчилиги бар, алар толук маалымат бере алышкан эмес. Ал эми кээде адамга ВИЧ тууралуу түшүндүрүп берүү өтө кыйын болот.

Ош облусундагы СПИД-борборунун директору Эльмира Нарматова энелер ВИЧ оорулуу балдарына АРВ берүүдөн баш тартып жатышы коркунучтуу экенин айтты:

Бизде бир эне-сөрөй бар, баласынан ВИЧти 4-5 жыл мурда табышкан. Канчалык түшүндүргөнгө аракет кылдык, бирок баласына АРВ-дары берүүдөн таптакыр баш тартып туруп алды. Мыйзам боюнча ал өз баласы үчүн жооп берүүдө. Башка бир окуя – кош бойлуу кезинде аялдан ВИЧ инфекциясын табышты. Бирок ал ушул күнгө чейин дары ичүүдөн баш тартып келатат. Анын үстүнө кайненеси да бизди келинине жолотпой жатат. Баса, ал АРВ-дары ичпей жүрүп төрөдү, балким эмчек эмгизип жүрдү деп шектенүүдөбүз. Мындай учурда энеден балага ВИЧ жугуу ыктымалдуулугун четке кага албайбыз. Азыр өзү да, кайненеси да дарыгерлерди балага жолотпой жатышат. Биз алардын ишин тартип коргоо органдарына өткөрүп бердик. Бирок баары бир мындай учурлар сейрек кездешет”.

Балдарына АРВ-дары берген ата-энелер стигмадан улам алардын келечеги үчүн кооптонушат.

Ноокат районунда жашаган 13 жаштагы Махинурда (аты өзгөртүлдү) ВИЧ табылган. Анын апасы Зулайканын (аты өзгөртүлдү) сөзү боюнча, 2006-жылы кызынын дене табы көтөрүлүп, ичи өтө баштаган. Бир нече күн реанимация бөлүмүндө жатууга туура келди. Бир аз убакыт өткөн соң кызга сыздоок чыгып, ага операция жасалган. Мына ошол учурдан баштап эч айыга албай эле ооруй берди. Ал эми 2010-жылы кыздын өпкөсү ооруп, ооруканага жатып калат. Ошондо дарыгерлер бир нерседен шектенип, бирок аягына чейин түшүнө албай турушту.

“2011-жылы кайрадан ооруканага жатып калдык, бул жолу гайморит кармады. Ошондо гана, бир ооруканадан экинчи ооруканага жатып жүрүп, акыры беш жылдан кийин Махинурда ВИЧ бар болгонун билдим. Мен кызыма вирус сыздоокту алып салуу үчүн операция жасаганда жуккан деп шектенип жүрөм. Бирок эч нерсени далилдей албайбыз. Оюмдун баары эле ушул жөнүндө. Мени кызымдын келечеги тынчсыздандырат. Кызыма гана эмес, ооруканада ВИЧти жуктуруп алган башка балдарга да мамлекет жогорку окуу жайларда акысыз билим алуусуна шарт түзүп беришин каалайт элем. Балдар кайсы бир чөйрөнүн адиси болушу керек. Анткени аларды көп жерде басмырлашат, иш беришпейт. Балдар кесипкөй болсо, өздөрүнө болгон ишеним да пайда болмок”, - дейт Зулайка.

Стигма токтосо, вирус да жайылбай калмак

БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасы – ЮНЭЙДСтин адистери ВИЧ-статустун негизинде стигма жана басмырлоо бул вирустун жайылуусуна каршы турууга бут тосуп жатканын белгилешет.

Адамдар өмүр бою алышып келген бир топ башка оорулар бар. Бул кант диабети же ошол эле герпес болушу мүмкүн. Бул адамдардын эч бири коркпой жашайт, анткени коом мындай оорулууларга көңүл бурбайт. Бирок ушундай эле өнөкөт оору болгон ВИЧ терс мүнөздөлүп, оорунун жайылуусун токтотууга тоскоол болуп келатат. ЮНЭЙДС 2030-жылга чейин ВИЧ эпидемиясын токтотуу максатын көздөйт. Бул ишке ашабы же жокпу – бул ар бирибизге көз каранды. Сөз соңунда тестти сунуштайбыз. Өзүңүздү текшерип көрүңүзчү!

Сиз ВИЧ тууралуу эмнелерди билесиз?

1) ВИЧти кантип жугузуп алса болот?

сактанбаган жыныстык катнаш маалында жугат;

кан аркылуу жугат;

оорулуу энеден балага жугат.

2) ВИЧ кандай жолдор менен жукпайт?

оорулуу адам менен учурашканда же анын денесине колу тийгенде жукпайт;

вирус өбүшкөндө жукпайт;

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт