Нервди эс алдыруунун жолдору
Нервдер чарчап калганда кантип эс алдырса болот?
Акмөөр Садирбекова
невропатолог
Жумуштун көптүгү, стресс жана жеке жашоого тиешелүү көйгөйлөр адамдын, нервин чарчатат. Мындай абалдан качып кутулууга толугу менен мүмкүн эмес, бирок алдын алып жеңилдетүүгө болот.
Нервди кантип эс алдырса болот? Толук кандуу, норма менен уктоо. Ызы-чуудан алыс болуу. Кандай гана ызы-чуу жаралбасын андан алыс жүрүүгө аракет кылуу абзел. Мисалы сизге жакпаган музыка же көрбөсөңүз деле сыналгынын иштеши. Таза абада сейилдөө. Күнүнө жок эле дегенде бир саат бакчада же тынч көчөдө сейилдөө. Спорт менен машыгуу. Атайын фитнеске же спорт комплекстерге барып машыгууга убакытыңыз жок болсо, эртең менен же кечинде алыстыкка чуркоо же майда көнүгүүлөрдү жасоо нервдин эс алышына жардамын берет.