// //

Кыргызстанда 183, 7 миң адамдын жумушу жок

2018.04.19, 16:05
4046

2018-жылдын 1-февралына карата алынган маалымат боюнча учурда Кыргыз Республикасынын калкынын саны 6 млн. 268,8 миңге жеткен. Бул көрсөткүчтүн 2547,4 миңи экономикалык жактан активдүү калк болсо, анын 2363,7 миңи жумуш менен камсыз болгондор, 183,7 миңин жумушсуздар түзгөн. Демек учурда Кыргызстанда 183, 7 миң адамдын жумушу жок.

Калкты жумуш менен камсыздоо кызматтарында учурда 8583 миң бош орун бар. Бирок 2018-жылдын 1-апрелиндеги абал боюнча бул бош жумуш орундардын 5790у суроо-талапка ээ болбой калгандыктан, 1 жумуш орунга 13 жумушсуз адам талапкерлигин коюга туура келген.

Училище, лицейди бүткөндөр эки эсе көп айлык алышат

Кыргызстандагы жумушсуздуктун күндөн-күнгө оорлоп, көрсөткүчүнүн өсүп жатканынын себебин улам кесип тандоодо чоң жоопкерчилик талап кылына баштады. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин берген маалыматына ылайык Кыргызстандын эмгек базарында төмөнкү кесип ээлерине суроо-талаптар жогору:

  • Газэлектрдик ширетүүчү
  • Чач тарач
  • Компьютер оператору
  • 1С билиминдеги эсепчи
  • Ашпозчу
  • Тигүүчү
  • Бычмачы
  • Кеңсе-менеджери
  • Электр монтаждоочу
  • Айдоочу

Ал эми Бишкектеги калкты жумуш менен камсыз кылуу борборуна түшкөн вакансияларда кызмат көрсөтүү, тейлөө тармагындагы жумушчуларга жумуш орундары көп.

“Престиждүүлүк” стереотипине ылайык кесип тандоо чоң жаңылыштык

Кыргызстан боюнча бул жылы 130 миңден ашуун окуучу орто мектепти аяктайт. Бул миңдеген бүтүрүүчүлөрдүн алдында жоопкерчиликтүү болгон кесип тандоо маселеси турат.

Мектепти аяктап, чоң турмушка кадам таштап жаткан жаштар кесип тандоо маселесине келгенде классташтарынын, ата-энесинин айтканына карап же “престиждүүлүк” стереотипине ылайык тандоо жасашат. Бирок адистердин айтымында бул туура эмес көрүнүш. Анткени окууну бүткөнчө тандаган кесипке болгон баа төмөндөп, орун жок болуп калышы мүмкүн. Экономист же юрист сыяктуу суроо-талабы аз болгон кесиптердин окуусун бүтүп алып, жумуш таппай кыйналып жүргөн жаштарыбыз арбын. Андыктан ар бир кесип ардактуу дегендей, алгач эмгек базарына көз жүгүртүп, окууну бүткөндөн кийин жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү бар кесиптерге окусаңыз, алган билимиңиз текке кетпейт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт