Бюджетте окусам дагы акы төлөйөмбү?
Мен ЖОЖдордун биринде бюджеттик негизде 3-курста окуйм. Жакын арада башка окуу жайга которулайын деп жатам. Документтеримди кантип алсам болот? Угушум боюнча, 3 жыл бекер окугандын аксын төлөп анан алыш керек экен. Бул чынбы?
Билим берүү жана илим министрлигин маалымат кызматы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майында чыгарган токтомуна ылайык, билим берүү мекемелеринде фармацевтика, медицина жана педагогика адистиктери боюнча бюджеттик негизде билим алып жаткан студенттер, билим берүү мекемеси жана адисти даярдоого буйрутма берген жумуш берүүчү ортосунда үч тараптуу келишим түзүлөт. Ал келишимде эгерде студент тез арада келишимди жокко чыгарып, башка окуу жайга которулууну кааласа анда аны даярдоого кеткен чыгымдарды төлөп берет деп көрсөтүлгөн. Демек, педагогикалык жана медициналык адистикте билим алып жаткан студенттер башка окуу жайга же контрактык адистикке которулууну чечсе окуган мөөнөтүнүн акчасын төлөп берет.