Жашым 19 да, үйлөнсөм кыйналып калбаймынбы?

2018.03.30, 12:04
520

Менин жашым 19 да, жети бир туугандын улуусумун. Азыркы учурда Москвада эмгектенип жүрөм. Быйыл үй-бүлө курайын деген пландарым бар. Бирок атамдын ден-соолугу начар болгондуктан салган үйүбүз толук бүтө элек. Турмуш жолун аттап алсам кыйналып калбаймынбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.03.2018, 12:05

Каныша Кожогелдиева

психолог

Турмуш куруу – бул ар бир адамдын милдети. Эгер сизге жар болуучу кыз бар болсо, ата-эне, туугандарыңыз каршылыгын көрсөтпөсө үйдүн толук бүтпөгөндүгү бул нерсеге тоскоол боло албайт. Маңыздуу чечимди ата-энеңиз менен ачык кеңешип чечип алсаңыз жакшы болот. Сиз үйдүн улуусу болгондуктан жашоодогу болуп жаткан жоопкерчиликтин баары сизге жүктөлөөрүн да эсиңизден чыгарбооңуз керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт