// //

7-классымдан бери бир ырчыга күйөрманмын

2018.03.29, 12:02
672

20 жаштамын, студентмин. Келечектеги максаттарыма жетүү үчүн аракетим күч. Менин көйгөйүм чеги жок фанатмын. 7-классымдан бери бир ырчыга күйөрманмын. Бир дагы концертин, видеолорун, сүрөттөрүн калтырбай көрөм. Башкача айтканда убакытымдын көбүн ага арнайм. Бул адаттан кантип арылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.03.2018, 12:05

Каныша Кожогелдиева

психолог

Негизинен 20 жаштагы адам келечекке туруктуу көз караш менен кароого, алдыга көз жүгүртө билүүгө аракет жасоосу керек. Адамда болуп жаткан ар бир эмоцияны башкара, көзөмөлдөй билүү баардык адамдын колунан келүүчү иш. Андыктан сиз өзүңүздүн жүрүм-турумду, эмоцияны башкарганды үйрөнүшүңүз кажет. Ойлоп көрсөңүз сиз алтындай болгон убактыңызды ырчы жигиттин видео, сүрөт, концерттерин көрүү үчүн коротуп жатасыз. Мүмкүн бул убакытты билим алууга, спорт менен машыгууга, китеп окууга кетирсеңиз көбүрөөк пайда түшмөктүр. Бул болуп жаткан кырдаалда келечек барбы, кандай пайда же зыян алам деген суроолорго жооп таап, чечим чыгарыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт