// //

Апам турмушка чыкса болобу?

2018.03.19, 11:43
3544

Апамдын жашы 38 де, быйыл атамдын каза болгонуна 4 жыл толот. Кээде апамды көрүп зээним кейийт. Азыр да чоң энем, чоң атам (кайын эне, кайын атасы) менен жашайбыз. Ал деле аялдык бакытты сезгиси келет да. Бир топ депрессия болуп дары ичип жүрдү. Апам кайра турмушка чыкса болобу? Болсо кимден уруксат сурайт? Апамды кызганам, бирок мен да кыз киши болгондугум үчүн апамды түшүнүүгө аракет кылам.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.03.2018, 12:15

Улан Усупов 

теолог

Апаңыз кайрадан турмушка чыкса болот. Шарыят муну кош колдоп колдойт. Эч кимден уруксат алышы шарт эмес. Болгону кайын-эне, кайын-атасынын, бир туугандарынын ыраазычылыгын жана ак батасын алып турмушка чыкса жакшы.

Ал эми психолог Алина Сейдалиева: Апаңызды ойлоп ага кабатыр болуп жатканыңыз жакшы көрүнүш. Энеңиз бактылуу айым экен, себеби сиздей камкор кызы бар. Мындан ары дагы таянаар тоосу, жөлөнөөр зоосу болуп жүрүүгө аракет кылышыңызга тилектешмин.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт