// //

Дары ичип арыктасам болобу?

2018.03.16, 14:08
1731

 

20 жаштамын. Салмагым 59 килограмм. Эч арыктай албай койдум. Диета кармай албайм, себеби бир аз ачка болсом эле чыдай албай калам. Жарнамалардагы арыктатуучу дарыларды ичсемби деп жүрөм. Кайсынысын ичсем туура болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.03.2018, 14:31

Гульнара Абдрахманова 

Диетолог

Көпчүлүк азыр салмактан тез арылуу үчүн энергетиктерди, биокошулмаларды колдонушат. Бул чон жаңылыштык. Мындай тамактануудан боор, жүрөк, бөйрөк жана нерв системалары жабыркайт. Арыктайсың деп эч ким кепилдик бере албайт. Алсак, бөйрөк биз жеген нерселердин баарын филтрация кылган эң негизги орган. Энергетиктерди колдонгондо майлардан арылуу агрессивдүү түрдө жүрөт. Зыяндуу кетон заттары сыртка көп өлчөмдө бөлүнүп чыгат. Бөйрөккө чоң басым келет. Эгерде бөйрөк бир жолу жабыркаса, аны кайра толугу менен калыбына келтирүү мүмкүн эмес экенин эске алуу керек. Андыктан убагында таасир  бергени менен, мындай зыяндуу кошулмалардын кесепети келечекке тиет. Биздин өлкөдө арыктатуучу каражаттардан орлистатка гана уруксат берилген. Калгандары мыйзамсыз жолдор менен келет. Орлистат майларды соруп алат, нервге доо кетирбейт, анорексигендик таасири аз. Баары дарыгердин көзөмөлүнүн астында жүргүзүлөт. Бирок аны колдонбой койсоң майлар кайра калбына келип калат. Андыктан баары бир туура тамактануу эрежесин кармануу зарыл.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт