Дайынсыз жоголгон апам кайтып келди
Апам атамдын башка аялдан баласы бар экенин билгенде Россияга иштегенге кетип калган. Кетип жатып “акча топтоп, батир алып силерди өзүм багам” деген. Мен жана эки иним атам менен турабыз. Жакында апам келип, батир алайын десе, атам кандайдыр бир жолдор менен апамдын катышуусу жок эле ажырашып, апамды дайынсыз жоголгон кылып, бизди өзүнө каттатып алыптыр. Апам батир алайын десе юридикалык укуктары жок болууда. Апам КР жарандыгынан чыккан эмес. Кимге кайрылсак болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Дайынсыз жоголду деген апаңыз кайтып келди. Эми ошол чечимди чыгарган сот соттук актысын мыйзам боюнча жокко чыгарышы керек. Ал мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандык процесссуалдык кодексинин 289-беренесинде так көрсөтүлгөн. Дайынсыз жоголгон апаңыз же кызыктар тараптары, өзүңүз деле сотко кайрыласаңыз болот. Ал үчүн силер сот чечиминин актысын табышыңар зарыл. Атаңыздан кайсы сотко кайрылганын тактаңыз. Эгерде тактоо мүмкүн болбосо, анда ар бир жаран жашаган жери боюнча гана сотко кайрыла алгандыктан, жашаган жериңиздердин райондук сотуна барсаңыздар болот. Демек, биринчи кезекте сот актысын табасыз, андан кийин апаңыз сотко арыз жазат. Арызда “мени мынчаны жылы сот дайынсыз жоголду деп тапкан экен, бирок мен дайынсыз жоголгон эмесмин. Бул жерде иштеп Кыргызстанга кайра келдим. Дайынсыз жоголду деген сот актысын жокко чыгарып бериңиздер” деп кайрылат. Андан кийин сот 289-берененин 3-пунктуна ылайык чечимди жокко чыгарып, тиешелүү органдарга ЗАГС, Мамлекеттик каттоо кызматына маалымат жиберет. Жыйынтыгында апаңыздын жоголгон баардык укугу өзүнө келет. Сөзсүз түрдө сотко кайрылыңыздар.