AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аракеч ата-эненин бой жетип калган балдары - психологияда ушундай диагноз бар

Аракеч ата-эненин бой жетип калган балдары — психологияда ушундай диагноз бар

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Аракеч ата-эненин бой жетип калган балдары — психологияда ушундай диагноз бар. Орусча айтканда ВДА (взрослые дети алкоголиков). Бул синдромдун себептери, белгилери жана андан арылуу жолдору тууралуу психолог Мария Самсонова айтып берет.

Ата-энесинин бири же экөө тең аракеч үй-бүлөдө өскөн адамдардын психологиялык көйгөйлөрү индивидуалдуу. Бирок жалпы окшоштуктары көп.  

Арак ичкен адам менен бир үйдө жашоо абдан оор. Ал нормалдуу тиричилик жүргүзүүдөн кескин айырмаланат. Себеби эч кандай туруктуулук жок.

Жатын моюнчасынын рагы – белги бербей келе турган оору

Мындай үй-бүлөдө болгону уруш-талаш, ичимдик, ур-токмок стабилдүү болуп турат. Ошондуктан психологиялык жактан мыйндай чөйрө адамдын, өзгөчө баланын аң сезимине таасирин тийгизип, акырындык менен бир катар сапаттардын пайда болушуна алып келет.

Өзүн коргоо үчүн келип чыккан мүнөздөр:

Жан дүйнөсүн эч кимге ачпайт

Бала кезинде атасынын же апасынын ичимдик ичкенин көрүп өскөн бала жан дүйнөсүндө болуп жаткан кайгысы, коркунучу, ачуулануусу менен бөлүшө албайт. Адатта ата-энеси үйдөгүнү башкаларга айтып берүүсүнө тыюу салышат, болбосо бала тил угат, таяк жейт.

Алар өмүр бою жеке жашоосун адамдардан жашырып жүргөндү туура көрүп калышат. Кошуналарым, классташтарым, досторум, кесиптештерим билип калса уят. Мени менен мамиле курбай коюшат – деген коркуу сезими менен жашашат.

Натыйжада, адам бой жеткенде деле эч кимге жан дүйнөсүн ачып бере албайт. Башкаларга кайрылып жардам сураганды билбейт. Таарынычын, кайгырып жатканын айтканды намыс көрөт.

Сезимталдыгы жогоглот

Бир нерсени сезүү бул жаман. Андан көрө эч нерсени сезбей эле койгон жакшы. Бул бала кезинен эле калыптанып калган жашоосунун урааны болуп калат.

Мындай адамдар ички дүйнөсүн каптап турган сезимдерин басып, жокко чыгарганды мыкты өздөштүрүп алышат. Эмоциялары, сезимдерин сыртка чыгарбайт. Ал үчүн кубануу, кайгыруу, жакшы көрүү жаман көрүү — бирдей.

Хламидиоз оорусунан жыл сайын 100 миллиондон ашык адам жабыркайт

Психологго консультацияга келгенде, ата-энеңиз ичкенде кандай сезимдер пайда болчу, деген суроого: “Эч кандай”, “Эч нерсе сезчү эмесмин”, — деп жооп беришет. Же болбосо, балалык кезиндеги оор күндөрүн эмоциясыз, муздак айтып беришет.

Жаратынын канчалык деңгээлде терең экенин туюп турса да, сезимин ачыктагысы келбейт. Башкалардын ага боор оорусун каалабайт, байкуш көрүнгүсү келбейт.

Бири-бирине карама-каршы сезимдерге туш болот

Психология тилинде амбиваленттик сезимдерге туш болуу, деп айтылат. Бир четинен ата-энесин чексиз жакшы көрөт, ошол эле учурда жек көрүү сезими да күчтүү болуп турат. Алардын мыкты сапаттарын, боорукерлигин, колу жөндөмдүүлүгүн, түшүнүктүу болгонун ж.б. баалайт, бирок балалыгы кайгы-муңга батканы үчүн кечире албайт.

Бир чети дос күткүсү келет, жан дүйнөсүн кыйнап жаткан сезимдери менен бөлүшкүсү келет, экинчи жагынан адамдар мени түшүнүшпөйт, мени сындашат, менден баштартышат, деген коркунучта жашайт.

Өзүн алсыз адаммын деп эсептейт

Ата-энесинин аракечтигин жеңе албаган соң, колуман эч нерсе келбейт, деген ишеним бала кезинен калыптанып калат. Мындай ой жүгүртүү кийинки жашоосуна да таасирин тийгизет.

Табиятынан берилген талантына, жөндөмдөрүнө маани бербейт, колунда турган мүмкүнчүлүктөрду колдоно албайт.

Айрымдар тескерисинче ашыкча жоопкерчиликтүү болуп калат

Үй-бүлөдөгү туруксуздук, ар дайым бардыгын көзөмөлдөп туруууга түртөт. Ата-энесинин, бир туугандарынын, жубайынын/күйөөсүн, кайын журтунун, досторунун көйгөйлөрүн өз мойнуна жүктөп алат.

Андан сурабаса деле жардам берүүгө шашылат. Өзү жардамга муктаж экенин аңдабайт.

Ар кимден чыккынчылыкты күтө берет

Эң жакын адамын тапса да, дос күтсө да бардыгынан шекшинип турат. Адамдарга ишене албайт, бир мандеми бар, сызга отургузуп кетет, таштап кетет, алдап кетет, жумушуман айдап жиберет, деген ойлор ар дайым мээсин ээлеп турат.

Мындай симптомдор дагы көп. Бала кездеги травмалар менен иштөө  үчүн бир нече этаптан турган иш жүргүзүлөт.

  • Баштапкысы, ата-эненин аракечтиги кандай көз карашты, кандай мүнөздү жана кандай коркууларды пайда кылгандыгы аныкталат. Кайсылары жашоого оң таасирин тийгизиген, же күнүмдүк жашоодо жардам берген. Кайсылары азыркы күнгө чейин кыйнайт, тоскоолдук жаратат.
  • Экинчи баскычы, эң оор. Анткени бала кездеги жагымсыз окуяларды эстеп, аларды кайра баштан кечирүү, алардын психикага кандай таасир эткенин кабыл алуу. Жашоого башкача көз карашта болууга үйрөнүү, адамдар менен мамиле курууда жаңы стратегияларды иштеп чыгуу.
  • Үчүнчү баскычта адамда пайда болгон өзгөрүүлөрдү бекемдөө боюнча иш жүргүзүлөт.

Бул процессти тез деп айтууга болбойт. Кичинеден болсо да алдыга кадам таштап, жан дүйнөнү муунтуп жаткан өткөн чакты артка калтырып, жаңы жашоого акырындык менен, чыдамкайлык менен бет алуу зарыл.

Анын натыйжасы – учурдагы жашооңузга терс таасирин тийгизип жаткан мурунку таарынычтардан, нааразычылыктан арылуу. 

Ата-эненин аракечтиги – бул өмүр бою маңдайга басылган так эмес.

Сиздин жашоо өзүңүздүн колуңузда.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
COVID-19 азыр да коркунучтуу. Төмөнкү белгилер болсо дарыгерге кайрылыңыз

COVID-19 азыр да коркунучтуу. Төмөнкү белгилер болсо дарыгерге кайрылыңыз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.