AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ар бир адам заараны кармай албай калышы мүмкүн. Көйгөйдү кантип чечсе болот?

Ар бир адам заараны кармай албай калышы мүмкүн. Көйгөйдү кантип чечсе болот?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Аялдар жана эркектер жашына, жашоо образына карабастан заараны кармай албай калуу көйгөйүнө кабылышы мүмкүн. Бирок анатомиялык өзгөчүлүктөрдөн улам көбүрөөк айымдар жабыркашат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, инконтиненция (медицинадагы аталышы) менен жабыркаган аялдардын 38-44 пайызы 40-60 жаш курагындагылар. Ушул эле көйгөй кыздардын 10 пайызында бар экени байкалат.

Кандай белгилер көйгөйдөн кабар берет?

Зааранын кармалбай калышына ар кандай себептер бар. Кеңири тарагандары – жамбаш булчуңдарынын алсызданышы, ашыкча салмактан улам булчуңдардын чыңалышы, менопауза, кош бойлуулук жана төрөттүн оор болушу, гормоналдык дисбаланс, жамбаш жакка жасалган операциялар.

Зааранын кармалбай калышынын негизги белгилери — жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, стресс абалда болгондо, уктап жатканда же башка себептерден улам аз өлчөмдөгү зааранын чыгышы. Зааранын өлчөмүнө жараша оорунун жеңил, орто жана оор түрү аныкталат. Ошондой эле төмөнкү белгилер зааранын кармалбай калганынан кабар берет:

  • зааранын муктаждыктан тышкары чыгуусу;
  • табарсыкты бошоткондон кийин зааранын тамчылашы;
  • заара чыгаруунун кечеңдеши (адам заара чыгарууга аракет кылат, бирок көзөмөлгө алынган аракеттен бир нече убакыт өткөндөн кийин зааранын чыгып кетиши).

Көйгөйдү кантип чечсе болот?

Баланстуу тамактануу режимин кармануу, дененин салмагын бир нормада кармоо, дени сак жашоо образын түзүү керек. Андан тышкары жамбаштын булчуңдары үчүн көнүгүүлөр алдын алат.

Заара кармалбай калганда эмне кылуу керек?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму инконтиненцияны коомдук мүнөздөгү оору катары тааныды. Бул оору олуттуу медициналык-коомдук маселе болуп саналат, себеби, адам физикалык эле эмес, психологиялык ыңгайсыздыкка кабылат. Бул адамдын өзүнө болгон ишенимин түшүрүп, өзүн чектөөгө алып келет. Мындай учурда дарыгерге кайрылуу керек, ал эми андай көйгөй башталганга чейин атайын прокладкаларды колдонууга болот.

Бирок деген несре да бар. Кыргыздар үй-бүлөлүк шарттагы ыкмаларды колдонгон учурлар аз эмес. Мисалы пахта, марли, кездемелердин кыркындыларын колдонушат. Же болбосо көйгөйдү чечпей эле курчутуп жибереринен шек санабай ар кандай прокладкаларды колдонушат. Мындай категориядагы прокладкалар зааранын жытын жок кыла албайт, анткени бул максатка ылайыкталган эмес. Дагы бир мселе — бул прокладкаларды колдонуунун мөөнөтү 1-2 саат, андан ашык жүрсө дүүлүгүү, кычышуу жана исиркектер пайда болот. Гинекологдор белгилегендей, күнүмдүк прокладкаларды туура эмес колдонуу кандидозду чакырган учурлар аз эмес.

Заараны кармай албай калганда кайсы прокладка жардам берет?

Адистер заара кармалбай калган учурда атайын урологиялык прокладкаларды колдонууну сунушташат. Seni соода маркасы бул көйгөйдү чечүүгө жардам берет. Seni — гигиеналык каражаттар арасында алдыңкы бренддердин бири. Марканын башы 1976-жылга такалат. Анда TZMO таңгыч заводу Польшадагы айымдар үчүн сиңирип ала турган гигиеналык прокладкалардын өндүрүшүн баштаган. Компания айымдардын керектөөлөрүн изилдеп чыгып, товардын түрлөрүн көбөйткөн. Бүгүнкү күнгө чейин TZMO айыз учурунда жана күнүмдүк шартта колдонула турган прокладкаларды гана эмес, урологиялык прокладкалардын бүтүндөй линиясын жана төшөккө жатып калган бейтап үчүн дагы зарыл каражаттарды чыгарат.

Seni прокладкаларынын артыкчылыгы эмнеде?

  • Өзгөчө касиетке ээ — курамында Odor Stop суперабсорбент болгондуктан бактериялардын көбөйүшүнө жана жыттын пайда болушуна бөгөт коёт.
  • Сергектик узак убакытка чейин сезилет.
  • Прокладка ным болгондо да формасын жоготпойт.
  • Атайын EDS катмарынын аркасында нымдуулук прокладканын ичине тегиз жана тез тарайт. Нымдуулук дененин басымы астында да прокладканын үстүңкү катмарына чыкпай, кургак бойдон калат.
  • Бууну өткөрүүчү үстүңкү катмар теринин дем алышына мүмкүндүк берет, бул дүүлүгүп, кычышууну азайтат.
  • Латекс элементтери жок, бул латекске аллергиясы бар адамдар үчүн өзгөчө маанилүү.
  • Кошумча коргоочу элементтерге ээ, ич кийимде бышык кармалат.

 

Маселени чечүүнү кийинкиге калтырбай, адиске кайрылыңыз. Ал эми Seni прокладкалары менен жашоону жайлуу кыла туруңуз.

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Сиз бул 7 нерсени жасаганга милдеттүү эмессиз

Сиз бул 7 нерсени жасаганга милдеттүү эмессиз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.