AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Апаңарды көзү барда майрамы менен куттуктабасаңар

Апаңарды көзү барда майрамы менен куттуктабасаңар, мендей болуп сыздап каласыңар

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет апаңарды көзү барда сыйлагыла деп сөзүн баштаган жигиттин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен келдим апа. Майрамың менен. Апа сени сагындым. Аябай сагындым. Эч ким менен сизчелик сырдаша албай бук болуп кеттим. Апоу…

Сыртка кофтачан чыксам «үшүйсүң» дечү киши жок. Чай ичпей сабакка кетсем «курсагың ачат» дечү киши жок. Оорусам «айттым беле» деп урушчу киши жок. Апа, мелдештен уткан медалымды көргөзчү киши жок. Апа, мени үйдө күтчү киши жок. 

Баса, тиги курбуңуз Сапаш эже жоголгон уюн тапты. Билесизби, чогуу издебедик беле. Ошондо дагы мени үйгө чай ичкени кетире албай убара болгонсуз. Уюбу? Аны бир байке алып келип берди. Адашып сарайына кирип кетиптир.  

Апа, сени сагындым. 8-мартта сага открытка берчү эмес белем, билесиңби? Ошолорду баягыда таап алдым. Баарын чогултуп жүргөнүңдү билген эмесмин. Апоу…

Сенин жакшы көргөн гүлүңдү алып келдим. Жактыбы? Колумбу? Гүлдүн тикени тытып кетти, кабатыр болбой эле кой, ооруган жок. 

Билесиңби, бир жолу ысык чайымды бутуңа төгүп алгам. Ошондо урушат деп күтсөм бакырган жоксуң, эч нерсе болбогонун айтып башымдан сыладың эле. Эртеси аксап жүргөнүңдү көрүп, чыдай албай таенеме качып кеткем. Мени кечке издегениңди кайдан билдим. Кечирип кой, апа…

А мен дале үйлөнө элекмин. Болочок келиниңизге эч эле жолуга албай койдум. Үйлөнгүм деле келбейт. Макул, апа антип айтпайм. Болгону келинчегиме ким ак жоолук салып тосуп алат. Ким балдарымды эркелетет, апа…

Апоу… Апоу… Апоуууу…

Майрамың менен. Сени куттуктаганы мазарга келем деп эч ойлогон эмесмин. Эмнеге апа, эмнеге апа… Эч эле түшүнө албай койдум.

Базарга барганды сагындым. Күлбө, чын. Мага эки пакетти көтөртүп коюп кечке кыдырат элең го. Кызмат акыма балмуздак алып берип койчусуң. Азыр өзүм барып балмуздак алып жейм, даамы башкача апа…

Билбей таарынтып алсам, көңүлүңдү оорутсам, акмак уулуңду кечирип кой апа. Түндө башыма сенин күрмөңдү жазданып жатам. Билесиңби, баягы боз күрмөң, экөөбүз боорсок жасап жатып чөнтөгүн күйгүзүп алган. Жыты ошол бойдон, жыттап, жыттап уктап калам. Жыты түгөнсө кантем апа…

Кечээ төшөктөрүңдү сыртка алып чыгып жайдым. Кара туш кийизди күбө жеп коюптур, капа болбо, таенеме алып барып койдум, тигип оңдоп коерун айтты. 

Макул, макул, апа, азыр кетем. Кичине отура турайынчы. Ар дайым үшүйсүң деп кетиргенге шашасыз. Бүгүн майрам, баары апаларынын жанында болот, мен дагы сиз менен отуруп турайын. Апоу…

Апа, сенин үстүңдө жаткан кара топуракты жек көрөм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

«Мачо» жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кемпирим экөөбүз алтымышка таяп калганда көптөн күткөн кыздуу болдук

Кемпирим экөөбүз алтымышка таяп калганда көптөн күткөн кыздуу болдук

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.