Саламатсызбы! Менин апам жер алуу үчүн кезекке турган. Жер ушул жылы бөлүндү, токтом колубузга тийди. Апам 2018-жылы ноябрда кайтыш болуп калган. Жер апамдын атына чыгыптыр. Өзүмө которуп, кызыл китеп жасатыш үчүн апамдын өлгөндүгү тууралуу кара кагазы керек экен. Биз аны алалбай жатабыз. Айыл өкмөтүнө, поликлиникага, аймактык тескөөчүлөргө кайрылдык.
Алар, «бере албайбыз, каза болгон күнү тез жардам чакырып, түшүндүрмө кагаз жаздырып албапсыңар»,-дешти. Эмне кылсак болот?
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...






