AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Апамдын кылганы өмүр бою көкүрөктө сакталат. Өз энеси жек көргөн баланын баяны

Апамдын кылганы өмүр бою көкүрөктө сакталат. Өз энеси жек көргөн баланын баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg анонимдүүлүк шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан окуяларын жарыялап келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул окурманыбыздын катында, апасынан жылуу сөз укпаганы айтылат. 

Макоо экенимди апам эстетип турчу

Саламатсызбы! Жашым 22де. 5 бир тууганмын. Апам мени жаман көрөт. 

«Башың иштебейт», «Колуңдан эч нерсе келбейт», «Макоо» — апамдан ушундай сөздөрдү угуп чоңойдум. Үйдөн эң жек көргөнү мен. 

Кичинемден мээрим төккөн жок. Мектепте окуп жүргөндө да жарытаарлык кийим алып бербеди. Билем, кичүүлөр улуулардыкын кийип чоңоет. Бирок, ал нерсе да өмүр бою көкүрөктө сакталып калат экен. 

Ызаланганым, ата-энемдин балдарына болгон адилетсиз мамилеси (бирин өйдө, бирин ылдый көрөт). Бир нерсе кылайын десең, шагыңды сындырып, колуңдан эч нерсе келбегенин айтышат. 

Кээде өзүмдүн тең туштарымдын жашоосуна суктанам. Тилекке каршы ата-энем бизди эл катарына кошулуп, билимдүү-илимдүү болушубузга шарт түзүп бербеди. 

Асель Баимбетова, психолог psihologiya_kg

Саламатсызбы! Ата-эненин балдарына туура эмес мамиле кылуусу өтө өкүнүчтүү. Бул нерсе көп үй-бүлөлөрдө кездешет. Мунун кесепетинен, балдарда өз ата-энелерине болгон анжы сезимдер (сүйүү жана таарыныч, ошол эле учурда, сүйүү жана жек көрүү) пайда болот. 

22 жашта экенсиз. Мүмкүн сүйүүгө жана камкордукка муктаж болуп чоңойгонуңуз чындык. Балким, бул жөн гана кабылдооңуз, иш жүзүндө сиз ойлгондой баары жаман эмес.

Эмне болгон күндө да, 22деги бой жеткен адамсыз. Үй-бүлөңүздөн бөлүнүп, иштеп, өз алдынча болууга умтулуңуз. Энергияңызды бийиктиктерди багынтууга жумшаңыз. Ата-энелер идеалдуу болуш керек деген күтүүлөр менен коштошуңуз. Алар кандай болсо, ошондой. Балким, ата-энеңиз өздөрү мээрим албай чоңойгон, ошондуктан өз балдарына бирдей мээрим төгүү колдорунан келген жок. 

Сиз тандап алган абал, психологияда «курмандык» аракети деп аталат. Чындыкты кабыл алуудан баш тартып, ата-энеңизге болгон таарыныч, даттануу, жек көрүү менен кала берсеңиз, жашоодон өсө албайсыз.  

Андыктан опимисттик коз карашта болуп, ийгиликтерди багынтууга бет алыңыз!

Ийгилик!

 

Өзүңүздүн жеке көйгөйүңүздү Bilesinbi.kg сайтына же 0704 00 46 08 ватсап номерине жазыңыз. Биз психологдон кеңеш алып беребиз. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жыныс эриндеринин чоңоюп кетүү себептери

Жыныс эриндеринин чоңоюп кетүү себептери

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.