Саламатсызбы. Жашым 20да. Ушул эрезеге жалаң апамдын күчү менен жеттим. Атам бар, бирок анын менде эч кандай эмгеги жок.
Атам апама күн көрсөткөн жок. Анын кол көтөргөнү, кайдагы тантырак сөздөрү, орой мамилеси апамды оорулуу кылды. Апамдын каза болгонуна бир жыл өттү. Анын дүйнө менен кош айтышына атамдын салымы чоң.
Азыркыга чейин ата-баладай отуруп сүйлөшө албайбыз. Аны сыйлап, мээримимди төгүүгө жакшы эле аракет кылып көрдүм. Бирок жүрөгүм такыр жибибей койду. Мага сүйлөсө эле жиним келип басып кетем. Ал дагы жөн калышпайт, кайра мени коркутат.
Эмне кылсам? Жашоом ушинтип өтө береби? Же барын айтып, коштошуп, өз оокатымды кылып кетсемби?
Эки бир тууганым бар, алар атакелеп турушат. Анткен сайын аларга да ачууланам.
Мага кеңеш бергилечи?







