Мен окууну жаңы эле бүткөм. Мен ата-энем менен 4 айлыгымдан бери жашабай, мээрим көп алган эмесмин. Өзүмдүн таэнемдин колунда өскөм. Мектепте башталгыч класста окуп жүргөндө, ата-энем келип, көбүнчө апам урушуп, көп психологиялык жактан жабыркагам. Бир иш кыларда корко берем жана өзүмдү баалоом төмөн. Өткөн кезимди кайра-кайра ойлоно берип жек көрүүм өзүмө залалы тийип жатат. Ошондой эле максатымы, эмнеге кызыгам ушул нерселерди жоготуп алдым деп ичимден кыйнала берем. Ушунун кесепетинен кайсы окууга тапшырарымды билбей окуган жокмун. Азыр өзүмдү ким экенимди таанып, кийинки жылы өз каалоом менен окууга тапшырып алдыңкы студенттердин катарына кошулгум келет. Эмне кылсам болот?
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







