Саламатсызбы. Мен 18 жаштамын. Айылда жашайбыз, финансылык жактан мүмкүнчүлүгүбүз төмөн бологондуктан окуу жайга өтүүгө шартым жок. Ошондуктан апам турмушка чык, деп мени кыйнап жатат. “Күйөөң баксын, менин багууга шартым жок. Окутам десе окутат, жок десе үйдө бала багып отурасың, окугандын пайдасы жок”, — дейт. Кызык, мени окутуп, бага албаса эмнеге төрөдү?
Апам күчтүү манипулятор “Мен сени окутуш үчүн төрөгөн эмесмин, тилимди албасаң үйдөн чыгып кет!”, — деп тилдейт.
Күйөөгө берейин деген баланын туруктуу жумушу жок, же бир окууну бүткөн эмес. Өз жанын тыңгылыктуу бага албайт, мени багып кетиши деле күмөн.
Мен азыр турмушка чыккым келбейт. Акчаны үнөмдөп, бирин алсаң бирине жетпеген жашоодон тажадым. Көз карандысыз, бай болуп жашагым келет.
Түрлөп тамак жасаганды билбейм, бала караганды билбейм, башка бирөөнүн кирин жууп, чай куюп кызмат кылгым келбейт.
Күйөөм мени бага албаса, бири-бирибизди сүйбөсөк, көзүмө чөп салса, мени коргобосо, кам көрбөсө чыдап жүрө беришим керекпи? Ажырашсам кайра эле балдарым атасыз, үзүмчүлүктө тарбияланабы?
Ушул нерселерди апама жеткире албай атам. Жакшы эле тилин алып, ал айтканды жасайын дейм, бирок апам жаңылып жатпайбы. Менин тагдырыма ушунчалык кайдыгер болобу? Экөөбүздүн ортобузда калың дубал бар.
Эмне кылсам?







