Саламатсызбы! Менин атамдын көзү өткөнүнө 20 жыл болуп калды. Атам уулдан жалгыз. Ошентсе да, чоң атабыз менен чоң энебиз башка турушчу. Бир көчөдөн кийин алардын үйү. Чоң атам көзү өткөндөн кийин чоң энеме менин бир тууган агамды кожолук кылып жаздырып койгон экен. Жер ошол боюнча бир тууган агамдын атында калды. Бирок, урап түшүп калган үй болгондуктан, эч ким жашачу эмес. Чоң энемди атам үйгө алып келип алды. Ошентип чоң энебиз, андан бир топ жыл кийин атам кайтыш болушту. Кийин, мындан 12-13 жыл мурда апам эч ким менен кеңешпей жерди бирөөгө сатат. Бирок, документтештире электе апам акчасын аздан алып иштетип жүрүп 160 миң сомдой алып коет. Ал эми ошол үйгө кожолук кылып жаздырган агама «жерди өткөрүп бер, сатып жибердим «- деп айтса, «макул, паспортум жок, алсам өткөрүп берем»,-деп коет. 3 жыл мурда апамын көзү өтүп кетти. Агам өзү Бишкекте жашайт, жеңем экөө тең жер сатып иштешет. Жашоосу абдан жакшы. Эми апам саткан жерди өткөрүп бер десек, «бул менин жерим» деп болбой жатат. Ушул жер үчүн да бир туугандар бири-бири менен катташпай калды. Эми апамын арбагы ыраазы болсун деп ошол жерди алган кишиге өткөртө албай жатабыз. Кандай кылсак болот?
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







