AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Апам ким менен жаттың деп урушкан. Биринчи айыз жөнүндө 6 окуя

Апам ким менен жаттың деп урушкан. Биринчи айыз жөнүндө 6 окуя

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Ар бир кызда биринчи айыз тууралуу өзүнүн окуясы болот. Бул ирет, окурмандарыбыз ал күн кандай болгонун эстешти. Анонимдүүлүктү сактоо менен алардын баяндары менен бөлүшөбүз. А сиздики кандай болгон?

«Апам ким менен жаттың деп урушкан»

Көчөдө кыздар менен ойноп жүргөм. Бир маалда ич кийимим жылуу болуп чыкты. Анан бутуман ылдый кан агып баштады. Кыздар болуп чочуп кеттик. Үйгө чуркап жөнөдүм. Апам кир жууп отуруптур. Менин абалмды көрүп, «ким менен жаттың» деп урушуп кирди. Мен эч ким деп ыйлаганым эсимде. Анан экөөбүз бейтапканага бардык. Гинеколог эже апам экөөбүзгө баарын түшүндүрүп берди. Мен апамды күнөөлөбөйм. Апам деле бул боюнча билими жок болчу экен.

«Апама айткандан уялгам»

Менин биринчи айызым мектептен келген. Сабак бүтсө деле турбай отура бердим. Мугалимим эмнеге кетпей жаткнымды сурады. Уялып айта албай отурдум. Анан канды көрүп калды. Дароо апамды чакыртты. Апама кантип айтам деп уялдым. Анткени үйдөн бул тууралуу сүйлөшчү эмеспиз. Кыздардан эле угуп жүрчүмүн. Апаман аябай уялдым. Апам шым ала келиптир. Унчукпай жолдон прокладка алып колума карматып койду. Чоңойгондо гана айыз тууралуу көп нерсени билдим. Бирок апам бир дагы жолу бул тууралуу айтып берген эмес. 

«Прокладканы тескери коюп алгам»

Апам менен бул тууралуу сүйлөшчү эмеспиз. Бир жолу мектепке врач эже келип, ошол айтып берген. Анан прокладка тууралуу ошол эжеден билгем. Биринчи жолу келгенде аптекага барып, кире албай уялып тургам. Акыры эки штук алып чыккам. Кантип колдонушту билбей тескери коюп алып, баары жабышып ит-акмагым чыккан. Азыр эстеп күлөм.

«Болду эми токтобойт деп ойлогом»

Мен айыз бир келгенден кийин токтобой келет деп ойлогом. Биринчи жолу келгенде ыйлагам. Эми өмүр бою ушинтип канайбы дегем. Эжеме рахмат. Баарын түшүндүрүп берген. Бирок, ошондо дагы ишенбей койгом. Токтогондо ишенгем.

«Атам прокладка алып берген»

Мен атама айтып ыйлагам. Атам «кызым, сен эми чоңойдуң, бардык кыздарда ошондой болот» деп, анан аптекага алып барган. Апам инимди төрөп жаткан болчу. Аптекачы эжеге түшүндүрүп берип коюшун айткан. Эже мага прокладка берип, кантип колдонуш керектигин айтып берген. Мен классташ кыздарымдай болуп уялган эмесмин. Биздин үйдө ачык эле сүйлөшөбүз.

«Бир күн эле келет го дегем»

Айыз бир күн эле келет деп ойлогом. Меники бир жума келген. Аябай шок болгом. Коркком. Каным калбай калат деп ойлогом. Анан ар бир кыздыкы ар кандай келерин билип кичине эс алгам. Бирок меники баарынан көп келчү. Бир классташ кызымдыкы үч эле күн келчү экен. Ошону көрөлөбай жаман болчум (күлүп). 

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Демократиялык мамлекеттер согуш ачпайт

Демократиялык мамлекеттер согуш ачпайт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.