AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Апам эмне үчүн мага тамак жасаганды үйрөтпөгөнүн айтып ыйлатты

Апам эмне үчүн мага тамак жасаганды үйрөтпөгөнүн айтып ыйлатты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

“Убагы келгенде үйрөнүп алат.” Ээ достор, ким эмне деген гана жок. Апамдын сабырына таң калам. Камыр жайып отурабы же кир жууп жатабы, айырмасы жок. Кыңылдап ырдап, жанында мени жамандап жаткан туугандардын сөзүнө жогорудай жооп берип коет.

Спорт менен менин алсыздыгым. Колумда ар дайым топ. Биринчи кошуна балдарды жеңдим, анан досторумду, анан классташтарымды, анан коңшу айылга мелдешке чыга баштадым. “Волейбол!” Жүрөгүм ушинтип согот.

Апам муну жакшы билет. Мектептен кийин залга жөнөйм. Үйгө эң эрте дегенде кечки тогуздарда келем. Кийимдерим кир, чачым май, денем тер жыттанып босогону аттайм. Анда дагы апам унчукпайт. “Бүгүн оюн кандай болду?” деп сурап, ысык чайын сунат.

— Кызыңа кеч калба десең боло. Түнкүсүн коркунучтуу эмеспи. Балдар бир нерсе кылып кетпесин.

— Ошол балдарыңарга кызды бир нерсе кылып кеткен болбойт деп тарбия бергиле.

Кезектеги оюндан келатсам апам менен кошуна эже тартышып жатыптыр. Мени көрүп эки жакка тарап кетишти. Чай ичип отурганбыз.

— Апа, мен бир нерсени туура эмес кылып жатамбы?

— Эмнени?

— Мисалы, башка кыздарга апасы күн сайын күйөөгө тиерин айтып, тамак жасаганга, үй жыйнап, кир жууганга үйрөтүшөт экен. А мен буларды жасабайм.

— Жасагың келеби?

— Жок.

— Болду, ага кабатыр болуп кереги жок, убагы келгенде үйрөнүп аласың.

Апам тамак жасап жатат, жанында китеп окуп отурам. Апам кир жууп жатат, жанында китеп окуп отурам. Апам камыр жууруп, жанында китеп окуп отурам.

Көпчүлүк кыздарды кичинесинен эле бирөөнүн үйүнө барганга даяр башташат экен. “Кайын энең эч нерсе билбейт экен деп айтат”, “сен деген болочок келинсиң”, “сен күйөөңө тамак жасап беришиң керек” ж.б. Апам мени “сен бактылуу болушуң керек” деп тарбиялады. Билим алуума шарт түзүп берди. Ар бир оюнумда алдыңкы орунга отуруп колдоду. Күндүн ысыгына карабай мени менен университет кыдырып жүрдү. “Апа, спорт залы сонун экен, ушул жерде окуйм” десем, мени менен кошо сүйүндү. Мен кичинемден бактылуу болууга үйрөндүм. Бул үчүн апама рахмат. 

Мен дагы эне болуп, сүйүктүү жар болгум келет. Бирок, өз каалоом менен, жүрөгүм сүйгөн адамга гана чыгам. 

Апа! Сары кызың сизди аябай жакшы көрөт. Шкафта тизилип турган ар бир медалым, грамотам, дипломдорум сиздин эмгегиңиздин арты менен келди. Апа, туура  айтыпсыз. Жатаканада жашап жүргөндө баарын өзүм эле үйрөнүп алдым. Курсагым курулдаганда, сиз айтып жаткан убак келгенин түшүндүм. Мен багынтчу ийгиликтер алдыда. Болгону ошолордун баарына күбө болуңуз. Сөз бериңиз. Сары кызыңыз күн сайын өмүрүңүздү тилейт.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим «ата-энеңе акча салба» деп айлыгымды алганга шашылат

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Күйөөм кыздарымды көрсөтпөй жатат. Эмне кылсам болот?

Күйөөм кыздарымды көрсөтпөй жатат. Эмне кылсам болот?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.