AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Апам “ажырашсаң

Апам “ажырашсаң, балдарыңды таштап кел!” — дейт. Барар жери жок келиндин баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Күйөөсүнүн зомбулугунан жабыркаган жаш келин редакцияга кеңеш сурап кат жазды.

“Турмушка чыкканыма төрт жыл болду, 2 уулубуз бар. Күйөөмдүн кыялы жаман, ачуусу бат келет, өзүнүкүн бербейт. Кечке мени сабайт. Мына, кечээ эле бүт денемди көгөртө урду. Бирок, ичпейт, чекпейт.

Апамдарга айтсам, “ажырашчу болсоң, балдарыңды алып келбе, өзүң кел!” – дешти. Балдарымды таштап кантип кетем?! Кичүүсүнө эми араң 6 ай болду. Ажырашайын дейм, бирок балдарымды ойлом, жашайын дейм, бирок, бат-баттан токмой жей берип тажадым.

Ишенесизби, күйөөм мага эч нерсе алып бербейт, акча жок дей берет. Суранам, мага кеңеш бериңизчи!”

Адистер кеңеш берет

Асель Баимбетова, психолог

Барар жериңиздин жоктугу жана күйөөңүз кол көтөрсө да, туугандарыңыздан колдоо таба албаганыңыз өтө өкүнүчтүү.

Бирок, ден соолугуңузга жана өмүрүңүзгө коркунуч туулуп жатса, балдарыңыз менен кетүүгө даяр болсоңуз, кризистик борборлорго кайрылыңыз. Алар психологиялык, юридикалык жардам көрсөтүп, зордукчу күйөөңүздөн коргойт.

Аялдар күйөөлөрүнө кол көтөрүүгө уруксат бергени абдан өкүнүчтүү, балким, кичинеңизде үй-бүлөңүздө бул сыяктуу көрүнүш болгон, ошондуктан, ата-энеңиз муну норма катары кабыл алып, жардамга келген жок.

Тилекке каршы, биздин менталитетте, аялдарды ур-токмокко алуу – калктын көп бөлүгү тарабынан кадыресе көрүнүш катары кабыл алынат.

Жашооңуз жакпай жатабы, чыдап, туугандардан жардам күтүп жүрө берүүнүн кереги жок! Көйгөйдү жашырбай, ачык айтып, кризистик борборлорго барып же чалып, юрист, психологдордон консультация алыңыз.

Кээде эркектин психикасында көйгөйлөр болсо, өзүн-өзү көзөмөлдөй албаса, үй-бүлөдө зордук-зомбулук орун алат. Эркектин мындай жүрүм-турумунан аял гана эмес, ортодогу балдар дагы жабыркайт, психикалары бузулат. Эркек балдар зордукчунун жүрүм-турумун үйрөнүп, кыздар кийин күйөөлөрү урса да унчукпаган курмандык болуп чоңоет.

Турмушка чыккандан кийин балдарды карап үйдө олтурсаңыз, бирок күйөөңүз акча бербесе — экономикалык, басынтса – психологиялык, урса физикалык зомбулук болуп саналат. Ушунча зордукка чыдап олтурганыңыз таң калтырат. Бул нормалдуу эмес! Өзүңүздү коргоого жана коргоо издөөгө укутуусуз! Күйөөңүздүн сизге кол көтөрүүгө эч кандай акысы жок! 

«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси, психолог Бүбүсара Рыскулованын пикиринде кылмыштын бетин ачпаса, күчөй берет.  

“Аюуда болсо эрим болсун”, “Балдарым жетим калбасын”,  “Ушул мени багып жатат”, «Жаман болсо да, өз атасы да» — деп зомбулукка баш ийип жүрө берген аялдар жок эмес. Эч ким үй бүлөнүн бузулушун каалабайт. Бирок, эртеден-кечке зомбулук көргөн эне балдарга жакшы тарбия бере албайт, ден соолугунан ажырайт. Кылмыштын бетин ачпаса, ал күчөй берет. Андыктан чыдагандын да чеги болот. Бир жолу кол көтөргөндө унчукпай койсо, кийин анысы адат болуп калат. Биз менен байланышыңыз, борбордун ишеним телефону 0 (312) 51-26-40, дарегибиз Бишкек шаары, Табышалиева көчөсү 3.

Эрте курактагы никелер жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча эксперт Гүлбарчын Жумабаева зомбулукту ачык айтуу керек дейт:

Урматтуу окурман, башыңыздан өтүп жаткан зомбулук жөнүндө ачык айтканыңызга чоң рахмат! Бир дагы аялга кадыр-баркын басмырлаган зомбулук жасалбашы керек. Аялдарга, балдарга карата зомбулук жасалганда, мамлекет аларды коргоого алат. Мындай кордукка чыдай берсеңиз, эртең ден соолугуңуздан ажырайсыз. Өзүңүзгө же балаңызга  жардам бере албай оорулуу болуп каласыз. Ошондуктан, мүмкүнчүлүк таап 102ге (милиция) же 112ге чалыңыз. Милиция сизге коргоо ордерин берет. Коргоо ордери — бул мамлекет аялды зомбулуктан коргоого алат деген документ.

Ал күйөөңүзгө эки шарт коет:

1) урганды дароо токтотуу;

2) кичинекей балдар менен байланышууга тыюу салуу.

Кризистик борборлорго, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы, бейтапканадагы дарыгерлерге кайрылыңыз. Сизге көмөк көрсөтчү кризистик борборлор:

1) «Шанс» кризистик борбору, (0312) 613 227; (0709)710320;

2) «Сезим» кризистик борбору, (0312) 316 466;

3) Баланын укуктарын коргоо лигасы, (0312) 662 587.

Зомбулук фактылары боюнча каякка кайрылуу керек? Даректер, телефондор

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Апамды сүрөттөрдөн гана көрүп чоңойдум. Апасы мигрант кыздын окуясы

Апамды сүрөттөрдөн гана көрүп чоңойдум. Апасы мигрант кыздын окуясы

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.