AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Апалар айткан бул сөздөр

Апалар айткан бул сөздөр, акыр аягы чын болуп чыгат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

«Апа коюңузчу!» Апаларыбыз бир нерсе десе, ушинтип айтып калмай жайыбыз бар эле. Ойлоп көрсөк, акыр аягы апалар айткан сөздөр чын болуп чыгат экен. Биз ушундай фразалардын айрымдардын топтодук. 

«Ой, сени ким карамак эле»

Чу, дегенде эле апалардын ушул сөзүнөн баштайлы. Реалдуу жашоодо ар ким өз иши менен алек, биз тууралуу эч ким ойлобойт. Кайдан болосуң, кайда жашайсың, эмнени угасыз, эмне киесиң, кандай окуйсуң, ким менен жолугасың – мунун баары эч кимди түйшөлтпөйт! Убагында бул сөзгө маани бербегенибиз менен, анын чыныгы маанисин түшүнгөндөн кийин жашоо кадимкидей жеңилдей баштайт. 

«Чоңойгонго жетишесиң»

Апалар балалык, окуучулук, студенттик жашоодон ырахат алуу керек деп туура айтыптыр. Чоңойгонго жетишет экенбиз. Ал эми капыстан туура эмес жерде уктап калсаң, эч ким сени көтөрүп барып төшөккө жаткырбайт, ыйласаң эч ким сага оюнчук же таттуу алып бербейт, грамота алсаң эч ким сага акча бербейт ж.б дегендей. Учурдан ырахат алышыңыз керек экен, чоңоюуга ар дайым убактыбыз болот.

«Шапка кийип жүрүш керек»

Бул сөздү ЛОРго барганга чейин эстебейсиң. Сулуулук жылуулуктан жогору экенин, башың же кулагың ооруй баштаганда түшүнөсүң. «Каап, апам  туура айтыптыр» деп бармагыңды тиштейсиң. Анан сумкаңа катып койгон шапкаңды издеп, аны таба албай, үйдүн баарын чачасың.

«Тур жат, эртең турбай кыйнайсың»

Эртең менен тура албай онтолоп жатканда, апалардын ушу сөзү эске келет. Убагында уктоо жана тамактануу баарынан маанилүү экенин апабыз кичинебизден эле айтчу экен. А биз эрте жаткырып койгонуна бултуңдап, кыялыбызды көрсөтчүбүз. Мына эми, режимди сактоо кыйын болгондо, бул фразаны эстейбиз. 

А сиздин апаңыз айткан кайсы сөз чын болуп чыкты?

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Күзүндө кайсы өлкөгө барып эс алса болот?

Күзүндө кайсы өлкөгө барып эс алса болот?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.