AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
“Апа

“Апа, мен келин болгум келбейт!”. Бир кыздын арманы

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg анонимдүүлүк шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан окуяларын баяндап келет. 

Бул жолку чыгарылышта, жаш окурманыбыздан келип түшкөн катты жарыялайбыз. 

— Ай кыз тур, минтип жата берсең, кандай келин болосуң!?

— Апа, дагы баштадыңызбы.

— Тур, тамак жаса, кийин кайын энең “апасы эч нерсе үйрөтпөптүр”,- дейт.

— Дайым ушинте бересиз.

— Тур, тур!

“Сен деген болочок келинсиң” деген сөздү бир күндө миң жолу угам. Кылган ар бир ишим көзөмөлдө. Өзүмдү үйдө эмес, болочок келиндерди даярдаган мектепте жүргөндөй сезем.

2-курста окуйм. Келечекте турагент болом. Эл көрүп, дүйнө кыдырсам деген тилегим бар. Бирок, бул кыялым апама жага бербейт.

Чоңойгон сайын, “кызың бой жетип калыптыр, качан той жейбиз” дегендер көбөйдү. Таенем келип апама “Кызыңды катуу карма” деген темада лекция окуп кетет. Дагы жакшы, атам мен тарапта.

— Жами болду да эми, байкуш кызыбыздын мээсин жеп бүттүң.

— Болбойм-этпейм эле, эч нерсе билбей отурса, кайын журту эртеси эле жеткирип берет. Анан элдин бетин кантип карайбыз.

— Өзүң билчи, сөз укпайт экенсиң го…

— Жаман болсун деген жокмун, кыздын барар жери күйөө.

Чыдабай кеттим…

— Апа, мен жакын арада турмушка чыкпайм. Кошунабыз Гүлсүн эжедей болгум келбейт. Күйөөсүнө кошуп, алардын туугандарын багып, кирлерин жууп, тамак жасап эле жүрөт. Ыраазы болуп, Гүлсүн эжени бөпөлөп жатышабы? Кечээ көрдүңүз, күйөөсү дагы ичип келип, жаңжал чыгарды. Балдары жарым жалаңач, жарым ток. Алар менен атасынын иши жок. Таң эрте чыгып алып, өзүнө окшогон жолдоштору менен көчөнүн башында карта ойноп отурат.

Ал эми кечээ базардан оор пакет көтөрүп түшкөн аялдарды көрүп бооруңуз оорубады беле. Көздөрүнүн нуру өчкөн, жүдөө, кыялдарына өз колдору менен балта чаап коюшкан. Баары бекерпоз күйөөсү үчүн да, туурабы? Мен алардай болгум келбейт.

“Кайын энең антет, күйөөң минтет” дей бересиз. Жаш кезимден келин болууга үйрөтөсүз. А мен билим алып, тил үйрөнүп, сыртка чыксам дейм.

Бирөөгө көз каранды болгум келбейт, апа. Кызматчы келин болгум келбейт, апа. Бирөө үчүн эмес, бир келген жашоомо өзүм ээ болуп жашагым келет, апа. Мени түшүнгөн, көз караштарыбыз дал келген адамга жолуксам дейм.

Апа, мен бактылуу болгум келет…

Анан да, сиздей тамак жасаганды үйрөнгүм келет, бирок өзүм үчүн.

Ыйлап бөлмөмө кирип кеттим. Эртең менен турсам апам жанымда отуруптур.

— Турагой, бети-колуңду жууп, тамак ичип, сабагыңа жөнө. Жакында экзамендериң башталат. Болбосо, өзүң айтып жаткан тиги турагенствого стажировкага өтө албай каласың.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Простатитти өз алдынча дарыласа болобу? Уролог айтып берет

Простатитти өз алдынча дарыласа болобу? Уролог айтып берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.