AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
"Алтыным десе

«Алтыным десе, сенин түбүңө өзүм жеттим!»

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Шакубай атанын баяны (болгон окуя)

Тишим жок — мурдум кыйшык, көзүм тырык,
Картайгам курагыма жетпей туруп.
Туура эмес жакты карай кетип калып
Бузулгам турмушума кесир кылып.

Кой деген ата-энемдин тилин албай,
кыйгачтап түп-түз турган жолго салбай,
Аттиң деп бармак тиштеп эми өкүнөм, 
Баркымды бар кезинде кармап калбай.

Ээ жашоо! Убакыт зымырап учкан куштай десе такыр түшүнчү эмес экем. Эми болсо минтип артты канчалык кылчайып караган менен пайда жок. Кызык… Мурун карыбачудай калжаңдап жүрүп, жашоомдун көптөгөн барактары бош калды. Азыр мен киммин? Эч кимге баркым жок! Арым жок! Мага балдарымдан дагы, сенден дагы арак артык көрүнүптүр. Мени кечир, сага канча деген түйшүк жараттым, канча жолу алдадым, ичким келгенде каяктагы калптарды айтып, «ой жыргатам, кыйратам баарын» деп элирип, «бүгүн иштеп үйгө акча алып келем» деген шылтоо менен көчөгө качкандын айласын издечүмүн. Сен болсо жылмая мени карап, кийимдеримди үтүктөп, чекчейтип тыкан кийинтип жиберчүсүң. «Иштесең курсагың ачпасын»  деп чай берип тойгузуп кетирчүсүң.

Алтыным десе. Сенин түбүңө өзүм жеттим. Минтип 5 бала менен жесир калаарымды кайдан билдим. Мурунку адатымды таштадым, азыр сага айткандарымдын баарын  ишке ашырып, үйдү бүтүрдүм. Аттиң, сен барда эле жасасам болмок. Балдарың чоңоюп канат жазып, баардыгы уядан учту. Кенжемди дагы былтыр үйлөнттүм, аялы «шаарга жашайм» деген экен, ал дагы кетти. Куса болуп күндө жол карайм. Эч кимиси кабар бербейт, чалсам жооп жок, алса да бошобойт. Балким туурадыр, чын эле алар мени жек көргөндөй ата болдум.. Татыктуу ата эмесмин. Жалгыздык жаныма батты, билбейм эмне кылам. Билейин дегеним, өлсөм балдарым мени кечиреби?

Жашоомдун аягына келип да калдым, жакында жаныңа барам. Сен кабатыр болбо берекем! Сага канча деген ыза жаратсамда, кичине эле ооруп калсам чый-пыйың чыгып, жанымда айланчыктап, даарылап сарсанаа болчу элең. «Ой, жакшымын» десем болбой тамашалап «өлсөң кайсы жылкыны соём» дечүң. Ажыкыстанып «сенден биринчи мен өлөм» дээр элем. Ичиңде күйүтүң толуп турса да, шайыр элең. Менден биринчи кеттиң, айлам канча. Сүрөтүңдү төш чөнтөгүмө салып алгам, иштен чарчаганда карап коём. Көзүң тирүүсүндө баркыңа жетип, кадырлай албадым.

Менде баары жакшы, болгону Кенжем, Сапарым, Акимим, Гулям, Апарым «Балким жумуштан бошоп бир убакыт таап, кечки маал чыгып, бир күн жаныңда калып, анан кетебиз» дешкен, жокко. Канча күн өттү. Карай берип карегим тешилмей болду. Күндө ылдый жакты карайм. Көзүмдүн көрүүсү да начарлады. Аларбы, алар эмеспи айтоор көрбөйм. Анан кечке күтүп келбегенине көзүм жеткенде, үйгө кирип, чай коюп радио угам. Айтмакчы сенин идиштериңди жакшылап сактап жүрөм, текчеңди да агартып жышып турам.

Кенже жаңысын алып, буларды ыргыталы дегенинен төркү үйгө киргизип койгом. Сенин септериңди да ошол жерде тизилүү.

Кече бактарды кыйыштырдым, кышкыга отун даярдап, кам көрүп койдум. Бүгүн сыркоолоп, кичине чүчкүрүп калыптырмын. Кой дагы бир эшикке чыгып тигилерди карап коёюнчу, келип калдыбы балким.

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Нуртай Абилгалиев: “Мыкты жетекчи – кызматкерлерин башкарбайт!”

Нуртай Абилгалиев: “Мыкты жетекчи – кызматкерлерин башкарбайт!”

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.