AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Алтымыштан ашып калган абышка “аялым он сегизде” деп таң калтырды

Алтымыштан ашып калган абышка “аялым он сегизде” деп таң калтырды

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

«18де экенин анын көздөрү айтып турат»

Жамгыр төгүп жатат. Гүл саткан дүкөнгө чуркап кирдим. Бүгүн келинчегимдин туулган күнү. Баягыда “мага гүл бербейсиң” деп таарынды эле. Бир көңүлүн көтөрүп коюнчу.

Шаардын баары гүл алганы келген окшойт, ичи узун кезек экен. Айла жок, бир абышканын артына турдум. Сүйлөшө кеттик.

— Ии, балам, эмне майрам сени бул жерге алып келди?

— Келинчегимдин туулган күнү.

— Ой, мен да ошол себеп менен турам. Сүйгөнүң канчага чыкты?

— 29. Сиздикичи?

— 18.

— Тамашалап жатасызбы? Ошо кантип болсун.

Күлгөн жок. Кайра мени таң калып карады. Абышка тамашалаган жок окшойт.

— Канча жылдан бери чогуу түтүн буулатып келатасыздар?

— Быйыл туптуура кырк жыл болду.

— Кемпириңизди 18де дебедиңизби?

— Ооба, 18де.

— Анан.

— Балам, аялдын жашы анын паспортунда эмес көзүндө жазылган.

Эмне дээримди билбей туруп калдым.

— Таң калба балам, мен үчүн ал дагы бир жолу 18ге чыкты. Азыр үйгө барып ушундай майрамдайбыз дейсиң: күлөбүз, жыргайбыз, бийлейбиз, кызылдан бир аз ичебиз, баарын унутабыз. Мен аябай бактылуумун. Билесиңби, экөөбүз бийлегенди жактырабыз. Жыл өткөн сайын радикулит деген неме кыймылдарыбызды жайлата баштады. А биз ага баш ийбей, дале сүйүктүү музыкабыздын коштоосунда чимирилебиз. Сага окшогон кимдир бирөө аны 61де деши мүмкүн. Бирок, мен ишенбейм. Анткени жалтыраган көздөрү 18де экенин айтып жатпайбы. Анын көздөрү алдабайт. Дагы канча өмүр сүрөрүмдү билбейм, бирок эмне гана болбосун бүгүн дагы бир ирет 18ге чыккан сүйгөнүмдүн жанында болом.

Кезеги келип калды. Гүлүн алып мени менен коштошуп сыртка чыгып кетти. Чындап эле ушундай адамдар барбы? Көзүмө көрүнгөн жокпу? Артынан чыктым. Жок, чын эле экен, тигине кыңылдап ырдап кетип баратат.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим «ата-энеңе акча салба» деп айлыгымды алганга шашылат

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Ажырашкандан кийин кайра жарашып алса

Ажырашкандан кийин кайра жарашып алса, жашоо оор болбойбу? Психологдун кеңеши

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.