AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Алимент арызын кантип жазуу керек? Юрист үлгүсүн айтып берет

Алимент арызын кантип жазуу керек? Юрист үлгүсүн айтып берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бул макаладан алименттин түрлөрүн, балага алиментти өндүрүү жолдорун жана сотко жазылчу доо арызы тууралуу билүүгө болот. Андан тышкары алимент арызынын үлгүсүн таба аласыздар.

Алимент арызы— бул жубайлар ортосунда алиментти төлөө жөнүндө макулдашуу болбосо, Кыргыз Республикасынын сот органдарына, жашы жетпеген балдарга ата-энесинин бирөөсүнүн иштеп тапканынан же башка кирешесинен ай сайын бир балага — төрттөн бирин, эки балага — үчтөн бирин, үч же андан көп балага – жарымын өндүрүп берүү тууралуу жазылган арыз.

Алимент жана анын түрлөрү

Алимент – бул алууга укугу бар  адамга,  берүүгө милдеттүү болгон бир адамдын каражаты.

Алимент:

  • Ата-эне ажырашкандан кийин, жашы жете элек балдар менен жашай турган ата же эненин пайдасына, балдар үчүн өндүрүлөт.
  • Жардамга муктаж болгон, эмгекке жөндөмсүз ата-энелерге бойго жеткен, эмгекке жөндөмдүү балдарынан өндүрүлөт.

Алименттин түрлөрү:

1) Жашы жетпеген балдарга сот тартибинде алынчу алимент;

2) Эмгекке жөндөмсүз, эрезеге жеткен балдарга ай сайын төлөнчү алимент;

3) Жардамга муктаж болгон, эмгекке жөндөмсүз ата-энеге бойго жеткен, эмгекке жөндөмдүү балдарынан өндүрүлчү алимент;

Балага алимент өндүрүүдө эмнелерди билүү керек?

  • Никелешүү жөнүндөгү күбөлүктү жокко чыгарбай туруп, тактап айтканда никени бузбай эле алимент өндүрүү боюнча арыз жазууга болот.
  • Сот алимент өндүрүү жөнүндөгү арызды, тараптардын катышуусу жок болсо деле өзү карай берет.
  • Алимент төлөөчүнүн эмгек акысы же башка кирешеси жок болсо дагы балдарды багуу милдетинен бошотулбайт. Ал белгиленген өлчөмдөгү алиментти төлөө үчүн каражатты өз алдынча издеп табууга же кыймылдуу, болбосо кыймылсыз мүлкүнүн балдарга барабар болгон үлүшүн, алардын менчигине өткөрүп берүү жолу менен алиментти жаап берүүгө милдеттүү.

Алимент өндүрүүгө керектүү документтер:

  • Паспорт;
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • Жашаган жеринен тактама;
  • Балдардын ден-соолугу тууралуу маалымкат;
  • Никелешүү жөнүндөгү күбөлүк;

Алимент арызын кантип жазуу керек?

Алимент арызы басылма текст түрүндө берилет жана анын ичинде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) Арыз берилчү соттун аталышы;

2) Өндүрүп алуучунун аты-жөнү, жашаган жери, туулган датасы жана жери, эгерде бар болсо — телефону, факс номери, электрондук почтасынын дареги;

3) Карызкор жарандын аты-жөнү, жашаган жери, туулган датасы жана жери, иштеген жери, эгерде бар болсо — телефону, факс номери, электрондук почтасынын дареги;

4) Өндүрүп алуучунун талабы жана милдеттенмелери;

5) Талаптын негиздүүлүгүн ырастоочу документтер;

6) Тиркелген документтердин тизмеси;

Арызга өндүрүп алуучунун же анын өкүлүнүн колу коюлат. Өкүл бере турган арызга, анын ыйгарым укуктарын ырастаган документ тиркелүүгө тийиш. Юридикалык жактын жетекчисинин койгон колу мөөр менен ырасталат.

Алимент арызынын үлгүсү

 

_______________________________________

(соттун аталышын көрсөтүңүз)

Өндүрүп алуучу: ______________________________________

(Сиздин аты-жөнүңүз, туулган жылыңыз, айыңыз, күнүңүз, туулган жана иштеген жериңиз)

Дарегим:_____________________________

(Бул жерге өзүңүздүн жашаган даректи, телефон номерди жазасыз)

Карызкор: ______________________________________

(Бул жерге жолдошуңуздун аты-жөнү, туулган күнү, айы, жылы, туулган жана иштеген жери. Эгерде маалыматтарды билбесеңиз “төрөлгөн жана иштеген жерин билбейм” деп жазасыз)

Дареги: _____________________________

(Бул жерге жолдошуңуздун жашаган дарегин, телефон номерин көрсөтөсүз)

 

АРЫЗ (алимент өндүрүү жөнүндө)

Мен ________________________________________, карызкор ______________________________ менен 20____-жылдан бери бирге үй-бүлө куруп жашап келгенбиз. Биздин нике ____________ЖААК бөлүмү тарабынан катталган ((Никелешүү жөнүндө күбөлүк серия номери __________).

Ал эми ортодогу никеден бир перзенттүү болгонбуз:

______________________, 20___-жылдын ___- (айы) төрөлгөн.

Бирок 20__-жылдын _____ айынан бери мамилебиз келишпей, үй-бүлө катары чогуу жашабай калганбыз. Ортодо чыр-чатагыбыздын көптүгүнөн улам ажыраштык.

Азыркы үчүрда балам менен ата-энемдин үйүндө чогуу жашаймын, карызкор жактан ата катары эч кандай жардам жок.

Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 1-бөлүмүнүн 88-беренесинде «Ата-эненин жашы жетпеген балдарына алимент төлөө жөнүндө макулдашуусу болбосо жана эгерде алимент төлөөгө милдеттүү болгон ата-энеси туруктуу эмес, өзгөрүлмө эмгек акы алып турса же дагы башка кирешеси болсо, сот ай сайын өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмүн туруктуу акчалай суммада же ошол эле учурда үлүш түрүндө (86-беренисине ылайык) жана туруктуу акчалай суммада өндүрүп берүүгө укуктуу» деп көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик алым жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктунун 3-бөлүмүндө «Ишти сотто кароонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик алым алуудан — алименттерди өндүрүү боюнча доогерлер бошотулат» деп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык кодексинин 31-беренесинин 3-пунктунда «Алиментти өндүрүп алуу жөнүндө, аталыкты тастыктоо жөнүндө, ата-энелик укуктардан ажыратуу же аларды чектөө жөнүндө доолор доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн» деп көрсөтүлгөн.

Жогоркулардын негизинде, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 85-88 жана 112 – беренелерин жана Кыргыз Республикасынын жарандык-процессуалдык кодексинин 31 жана 247 – беренелерин жетекчиликке алып:

СУРАНАМ:

Карызкор _____________________________________тен – менин пайдама бир балам үчүн – ___________________________________________________________ 18 жашка толгонго чейин, ар ай сайын иштеп тапканынын же дагы башка кирешесинин төрттөн бир өлчөмүндөгү алиментти өндүрүүнү.

Тиркеме:

  1. Аталыгын аныктоо жөнүндөгү көбөлүктүн көчүрмөсү;
  2. Жашаган жерден тактама;
  3. Менин паспорттумдун көчүрмөсү;
  4. Баламдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн көчүрмөлөрү;
  5. Баламдын ден-соолугу тууралуу берилген тактама;
  6. Арызды карызкорго берүү үчүн көчүрмөсү.

Өндүрүп алуучу: ________ (аты-жөнүңүз) _________________

 

Мисалы:

 

Жалал-Абад шаардык сотуна

Өндүрүп алүүчү: Шаршенова Амалия Арстанбековна 25.07.1981-жылы төрөлгөн, дарыгер.

Дарегим: Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Э. Осмонов көчөсү, 55-үй, телефон: 055555466.

Карызкор: Атабаев Жолчубай Досматович, 21.01.1982-жылы төрөлгөн, иштеген жери мага белгилүү эмес.

Дареги: Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кызыл-Жар айылы, Набережный көчөсү, 66-үй, телефон: 0774444693.

 

А Р Ы З (алимент өндүрүү жөнүндө)

Мен, Шаршенова Амалия Арстанбековна, Атабаев Жолчубай Досматович менен 2007-жылдан бери бирге үй-бүлө куруп жашап келгенбиз. Биздин нике 2007-жылдын 03-майында Аксы райондук, ЖААК бөлүмү тарабынан катталган (Никелешүү жөнүндө күбөлүк серия номери КР- ХI № 0400999).

Ортодогу турмуштан бир перзенттүү болгонбуз:

  1. Атабаев Аман Жолчубайвич, 2007-жылдын 08-августунда төрөлгөн.

Бирок 2014-жылдын январь айынан бери мамилебиз келишпей, үй-бүлө катары чогуу жашабай калганбыз. Ортодо чыр-чатагыбыз көбөйүп кетти.  Ушул себептердин негизинде, экөөбүз бирге жашабайбыз.

Азыркы учурда балам менен чогуу жашаймын, Жолчубай жактан ата катары эч кандай жардам жок.

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 1-бөлүмүнүн 88-беренесинде «Ата-эненин жашы жетпеген балдарына алимент төлөө жөнүндө макулдашуусу болбосо жана эгерде алимент төлөөгө милдеттүү болгон ата-энеси туруктуу эмес, өзгөрүлмө эмгек акы алып турса же дагы башка кирешеси болсо, сот ай сайын өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмүн туруктуу акчалай суммада же ошол эле учурда үлүш түрүндө (86-беренисине ылайык) жана туруктуу акчалай суммада өндүрүп берүүгө укуктуу» деп көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик алым жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктунун 3-бөлүмүндө «Ишти сотто кароонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик алым алуудан — алименттерди өндүрүү боюнча доогерлер бошотулат» деп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык кодексинин 31-беренесинин 3-пунктунда «Алиментти өндүрүп алуу жөнүндө, аталыкты тастыктоо жөнүндө, ата-энелик укуктардан ажыратуу же аларды чектөө жөнүндө доолор доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн» деп көрсөтүлгөн.

Жогоркулардын негизинде, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 85-88 жана 112 – беренелерин жана Кыргыз Республикасынын жарандык-процессуалдык кодексинин 31 жана 247 – беренелерин жетекчиликке алып:

СУРАНАМ:

Атабаев Жолчубай Досматовичтен – менин пайдама балам үчүн – Атабаев Аман Жолчубайвич 18 жашка толгонго чейин, ар ай сайын иштеп тапканынын же дагы башка кирешесинин төрттөн бир өлчөмүндөгү алиментти өндүрүүнү.

Тиркеме:

  1. Никелешүү жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү;
  2. Жашаган жерден тактама;
  3. Паспорттумдун көчүрмөсү;
  4. А.Ж. Атабаевтын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  5. А.Ж. Атабаевтын ден-соолугу тууралуу тактамасы;

Арыз ээси: Шаршенова А. А.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Балдардын аллергиясын пайда кылган азыктар. Педиатрдын кеңеши

Балдардын аллергиясын пайда кылган азыктар. Педиатрдын кеңеши

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.