Жашым 19да. Ата-энем бар. 2-курста окуйм, тиккенди, бычканды билем. Анда сөз башынан болсун. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет деп ушуну айтса керек. Мындай болуп кетээрин билбептирмин.
Классташ балам сүйгөн кызы менен эки жылдай сүйлөшкөн. Аларды айылдагылардын баары билчү. Армияга барып келди. Ата-энелери тойду сүйлөшкөнү барышса, калыңды 200 миң, сүт акыга бир торпок, анан балаңар бизди үйдө жашайт дешкен имиш. Классташым бул сөздөргө чыдабай, сүйлөшкөн кызына да өчөшүп мени ала качып кетти. Мен олтурбай койдум. Ал бала менен мамилем деле жок болчу. Азыр ошол баладан ушунчалык жийиркенем. Көңүлүң болбосо кыйын экен, олтуруп өз турмушумду бузгум келген жок. Элдерден ар кандай кептерди уктум. Ата-энеме дагы кыйын болду. Ушундай жаман сөздөрдү угам деп мени чоңойткон эмес да. Кээде өзүмдү жаман сезип кетем. Жалган сөздөрдүн айынан бир нерсе кылгым келип кетет.
Мен туура эмес иш кылдымбы? Ушул суроо мени күндөн-күнгө жеп келет. Кантип кутулсам болот? Бирөөнүн эшигин аттаган кыз деп, өмүр боюу так калабы? Бактым ачылбай калсачы деп корком. Мага кеңеш бериңизчи. Анан да окурмандардын арасында олтурбай кетип калып, бактысы ачылгандар барбы?







