
«АКШнын жарандыгын кантип алса болот? Ошол тууралуу маалымат бере аласыздарбы?»-деген окурманыбыздын суроосуна АКШнын жарандык жана иммиграция кызматынан маалымат алынды:
АКШынын жарандыгын төмөнкү жолдор менен алууга болот:

Жашыл карта аркылуу
- 18 жаштан жогору болуу
- Жашыл картаны 5 жылдан кем эмес колдонуу жана 5 жылдан кем эмес АКШда жашоо
- Арыз жазганга чейин 3 ай АКШ аймагында жашоо
- Англис тилинде эркин окуп, жазуу. Сынак тапшыруу үчүн АКШнын тарыхын билүү
- Арыз жазганда АКШда болуу

АКШнын жараны менен баш кошуу аркылуу
- 18 жаштан жогору болуу
- Түгөйүңүз 3 жылдан кем болбогон АКШнын жараны болушу керек
- Жашыл картаны 5 жылдан кем эмес колдонуу жана 5 жылдан кем эмес АКШда жашоо
- Арыз жазганга чейин АКШ жараны менен 3 жыл расмий никеде болуу
- Арыз жазганга чейин 3 ай АКШ аймагында жашоо
- Англис тилинде эркин окуп, жазуу. Сынак тапшыруу үчүн АКШнын тарыхын билүү
- Арыз жазганда АКШда болуу

Аскерде кызмат өтөө аркылуу
- 18 жаштан жогору болуу
- Өз ыктыярыңыз менен АКШнын куралдуу күчтөрүндө эң аз 1 жыл кызмат өтөө
- Арыз жазганга чейин 3 ай АКШ аймагында жашоо
- 5 жыл АКШда жашоо керек
- Англис тилинде эркин окуп, жазуу. Сынак тапшыруу үчүн АКШнын тарыхын билүү
- Арыз жазганда АКШда болуу

Ата-эне аркылуу
Эгерде бала АКШда төрөлбөсө, ага төмөнкү шарттар менен жарандык берилет
- Ата-эне расмий никеде, экөө тең АКШнын жарандары болсо
- Ата-эне расмий никеде, анын бирөөсү АКШ жараны жана 5 жыл туруктуу АКШда жашаса
- Баланын ата-энеси расмий никеде эмес, бирок анын апасы АКШ жараны жана ал 1 жыл туруктуу АКШда жашаса
- Баланын ата-энеси расмий никеде эмес, бирок анын атасы АКШ жараны болсо жана ал 5 жыл туруктуу АКШда жашаса
АКШнын жарандыгын алуу үчүн кененирээк маалыматты АКШнын элчилигине кайрылып алсаңыз болот. Ал жактан толук шарттарын, кандай документтер жана канча акча төлөөнөрү туралуу биле аласыз.







