Эми которулган акчаны алуу үчүн банктын кеңсесине барып убара болуунун кереги жок. «Золотая Коронанын» «Акча которуулар» мобилдик тиркемесинен Элкарт төлөм картасына акча которсоңуз болот.
⠀
«Золотая Корона» акча которуу тутуму жеке адамдарга эсеп ачпастан, тез, коопсуз жана ыңгайлуу түрдө акча которууга мүмкүнчүлүк берет. Кайда гана болбоңуз, үй-бүлөңүзгө жана досторуңузга ар дайым каржылык колдоо көрсөтө аласыз.
Кызматты кантип колдонсо болот:
- «Акча которуу» тиркемесин жүктөңүз.
- Которуу коду жиберилген телефон номерин 996 *** форматында жазыңыз.
- Телефон номерине KoronaPayдан сырсөз келет, аны киргизүү керек.
- «Которууну алуу» опциясын тандаңыз.
- Картка акча которуу үчүн, «Картка которуу» опциясын тандаңыз.
- Которууну алуучунун толук аты-жөнүн жазыңыз.
- Банк картасы жөнүндө маалыматты көрсөтүңүз (алдыңкы бетинде көрсөтүлгөн 16 орундуу картанын номери, картанын мөөнөтү (айы жана жылы), ошондой эле картанын CVV коду (картанын арткы жагындагы акыркы 3 сан.)
- «Эсепке киргизүү» опциясын тандаңыз.
Тиркемени бул жерден жүктөп алсаңыз болот: App Store жана Google Play







