AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Акча бербегеним үчүн аялымды чыгарбай коюшту. Төрөт үйүндө болгон окуя

Акча бербегеним үчүн аялымды чыгарбай коюшту. Төрөт үйүндө болгон окуя

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg анонимдүүлүк шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан окуяларын жарыялап келет.

Бул ирет төрөтканадан паракорчулукка кабылган атанын катын жарыялап, юристин кеңешин сунуштайбыз. 

2019-жылдын 17-февраль күнү аялым областык төрөт үйлөрүнүн биринде кыз төрөдү. Ошондо төрөткө байланыштуу паракорчулук көрүнүштөрдү өз көзүм менен көрдүм, кулагым менен уктум. Муну элдин баары билет, бирок даттануудан коркушат.

“Платная палата” тууралуу сөз кыйытып жатышты

15-февраль. Областык төрөт үйүнө такси менен келдик. Кабыл алуу бөлүмү аялымды карап, УЗИге түшүрүп, бир аз эрте экен деп кайра кетиришти. УЗИси үчүн 200 сом бердим, тактап айтканда мамлекеттик төрөт үйүнүн ичине жеке киреше булагын ачып алышыптыр. Балким УЗИге муктаждыгы жок болсо да, ошол 200 сом үчүн кош бойлуу аялдарды зыяндуу болгон ультрафиолет нурларына дуушар кылып жатышат.

17-февраль. Аялымдын толгоосу башталып, төрөтканага тез жардам менен алып келдим. Келинчегим алдын ала бардык каражаттарды даярдап алган болчу, ошентсе да медайымдар 2 даана салфетка жана жуучу каражат үчүн мени дүкөнгө жөнөтүштү. 200 сом жумшадым.  

Аялым аман эсен көз жарды. Төрөткөн кызматкерлер эшикке чыгып сүйүнчүлөп акча сурашпады. Доолабаса да ыраазы кылгың келет экен, аларга эч доом жок. Бирок санитарка жана медайымдар “платная палата” тууралуу сөз кыйытып жатышты. Укмаксан болуп койдум.

Менден ашыкча 120 сом алып калууга аракеттенди

19-февраль. ЖААК бөлүмүнө туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн бардым. Күбөлүк даярдаган адис 220 сомду колуна төлөп кетүүнү суранды. Мен “төлөмдөр касса аркылуу гана жүргүзүлөт го” десем, “эми кааласаңыз кассага, кааласаңыз колума таштап кетсеңиз болот” , — деди. Кассага төлөйм деп чыгып кеттим. Кассир эч кандай 220 сомдук төлөм жоктугун айтып, 100 сом алды, квитанцияны берип, күбөлүктү алдым. Демек, адис менден кеминде ашыкча 120 сом алып калууга аракеттенген.

19-февраль, саат 12:00. Аялымды алып кетүү үчүн келдим. Мына чыгат деп дээрлик 2 сааттай сыртта күттүм. Көрсө, төрөт үйүнүн тийиштүү адистери выпискалар үчүн даанасына 200 сомдон бермейинче ар кайсы шылтоону айтып кечиктирип, акыры ошол 400 сомду алышат экен, бул кадимки көрүнүш болуп калыптыр.

Чыдамым кетип, кирип барсам, аялыман “2 даана выписка үчүн 400 сом таштап кетесиңби?” — деп сурап жатышыптыр. Мен аны угуп, “акысыз болгон кагаз үчүн да акча сурашабы, өзүң араң муктаждыктарыңды алып жатсаң”, -деп абдан нааразы болдум. “400 сомду талап кылган медайымды чакыргыла”,- деп бир нече ирет айтканыма карабастан, ал сыртка чыкпай койду.

Төрөтканада пакет таштап кетүү салты бар экен

Чыгып жатканда ороп, таразага тарткан эже ар бир бала үчүн 200 сом алат экен. Бирок, менин түрүмдү көрүшүп, 400 сомду да, 200 сомду да алышкан жок.

Сыртта турган келиндер, эркектер менин паракорчулукка каршы болгон сөздөрүмө баштарын ийкешип, бирөөсү кесарево операциясы үчүн 5000 сом, бирөөсү 6000 сом бергенин айтышты.

Андан сырткары баланы алып чыгып жатканда торт, гүл, суусундуктарды таштап кетүү салты бар экен, ал пакеттерге орточо 500-600 сом кетип калат, буга карапайым калктын күчү жетпейт. 

Выписканы бербей, палатага чыгарбай, жана башка ар кандай чыгармачылык менен ойлоп табылган жасалма тоскоолдуктар аркылуу жарандардан 200 сомдон тартып 5-6 миң сомго чейин пара алуу системасы туруктуу тамырлашып кеткендигин илгертен угуп келчүмүн, а мунусунда өз көзүм менен көрдүм жана абдан нааразы болдум.

Нурислам Раимжанов, юрист

Урматтуу жарандар! Эгерде өз укугуңарды мыйзамдуу талап кылууну үйрөнбөсөңөр мындай жагдайларды токтотуу кыйын. Төрөт үйүнө барардан мурун төмөнкүлөрдү билип алгыла. 

Кыргыз Республикасынын жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөгү мыйзамынын 67-беренесинде:

 «Ар бир аял кош бойлуу болгондо, төрөт жана андан кийинки мезгилде саламаттык сактоо уюмдарында зарыл болгон медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылынат. Кош бойлуу мезгилинде, төрөт учурунда жана андан кийин аялдарга акысыз медициналык-санитардык жардам Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында көрсөтүлөт» деп көрсөтүлгөн.

Демек биздин өлкөбүздө Мамлекеттик кепилдик программасы бар экен. Аны менен бул шилтеме аркылуу өтүп таанышсаңыз болот: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/98211/40?cl=ky-kg&mode=tekst)

Бул программанын негизинде төрөө үчүн келген жана төрөттөн кийинки татаалдашуудан жапа чеккен аялдар, төрөттөн кийинки 10 аптанын ичинде негизги оорунун клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча амбулатордук жана стационардык деңгээлде бекер медициналык-санитардык жардам алуу укугуна ээ.

КРнын Бирдиктүү төлөөчүнүн системасында иштеп жаткан саламаттык сактоо мекемелери үчүн медициналык кызмат көрсөтүүгө карата баалардын прейскурантында кош бойлуулуктун жүрүшүнө УДИ (УЗИ) 1 жолку изилдөө 146 сомду түзөт.

Сизден акчаны касса аркылуу кабыл алып, дүмүрчөк (квитанция) берүүлөрү керек. Бул шилтеме аркылуу баалардын прейскуранты менен таанышсаңыз болот: http://foms.kg/page/prikazy

Эгерде төрөткананын кызматкерлери мыйзамсыз акча талап кылышса, укук коргоо органдарына кайрылгыла!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кызым

Кызым, кечир, мен чоң ката кетирдим. Эненин каты

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.