Көпчүлүк кыздар айызы келгенин ата-энесине айта алышпайт. Анын үстүнө уялып, эмне кыларын билбей коркушат. Бул көйгөйдү чечкен сонун «ОКУ» тиркемеси иштелип чыкты. Аны жүктөп алып, айыз тууралуу бардык маалыматтарды алсаңыз болот. Жөн гана маалымат менен чектелбестен, күн сайын ден соолугңузда эмне болуп жатканын жазып, менструалдык циклиңизди белгилеп да тура аласыз.
Тиркемени Play Market жана AppStore көчүрүүгө болот. Долбоордун жаңылыктарын Instagramдан көрө аласыз: https://www.instagram.com/oky_kyrgyzstan/







