AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Айызга көз салууга жардам берген «Oky» тиркемеси ишке кирди

Айызга көз салууга жардам берген «Oky» тиркемеси ишке кирди

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

«Айкын багыт» фонду ЮНИСЕФ менен өнөктөштүктө, өспүрүм кыздардын айыз циклине көз салуу жана аны башкаруу үчүн «Oky» [оки]  мобилдик тиркемесин  локалдаштырып, иштеп чыгышты. Азыркы учурда мобилдик тиркеме дүйнөнүн 13 өлкөсүндө иштеп жатат.

БИШКЕК, 2023-жылдын 27-январы — “Oky” – бул  өзүнүн ден соолугун башкарууга багытталган жана ар кайсы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын кыздары менен биргеликте түзүлгөн биринчи мобилдик тиркеме. Мобилдик  тиркеме алгач ЮНИСЕФтин  Азия-Тынч океандагы  аймактык кеңсеси  тарабынан иштелип чыккан жана ал кыздарга айыз циклин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

«Oky» тиркемеси — бул тыюу салууларды, стигматизацияны жок кылууга, айыз цикли жөнүндөгү уламыштарды жана туура эмес түшүнүктөрдү жокко чыгарууга жардам берген жана кыздардын репродуктивдүү ден соолугуна байланыштуу жетишсиз болгон сапаттуу маалыматтын боштугун толуктап турган инновациялык чечим. Бул тиркемени колдонгон кыздар үчүн ден соолугуна болгон тобокелдиктерди азайтууга жана суроолоруна ишенимдүү жооп алууга мүмкүндүк берет.

“ЮНИСЕФ кыйынчылыктарга  дуушар болгон балдарга, аны менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн ар дайым салттуу жана инновациялык жолдорду издеп келет. Буга чейин жетилип калган кыз балага айыз  деген эмне экенин жөнөкөй, оңой жол менен үйрөнүүгө жардам берген Акылай жөнүндө аңгемени чыгарганбыз. Учурда “Айкын багыт” фонду менен биргеликте “Oky” мобилдик тиркемесин ыңгайлаштырдык, ал кыздарды чочуткан коркунучтарды жана ушактарды жок кылууга жардам берет”, — дейт, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү, Кристин Жольм.

Мобилдик тиркеме аймактардын санариптик реалдуулугун эске алып (Интернеттин ылдамдыгы, ар кандай үлгүдөгү мобилдик аппараттардын болушу) жана кыздардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу менен бирге алардын чоңоюусу, организминдеги өзгөрүүлөр, жыныстык жетилүү жана репродуктивдүү ден соолугу жөнүндө маалымат берүүгө жардам берет.

“Айкын багыт” коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова, тиркеменин артыкчылыктары жөнүндө айтып берди:

“Oky функциясы Android жана App Store түзүлүштөрүндө тиркеме түрүндө жеткиликтүү жана ал циклдин жеке календарын, кыздардын улуу эжеси менен сүйлөо турган чат ботту, ошондой эле кыздардын чоңоюусу тууралуу пайдалуу маалымат топтогон энциклопедияны камтыйт. ”

«Oky» тиркемесинин негизги өзгөчөлүктөрүнө төмөнкүлөр кирет:

  • Кыздар үчүн геймификацияланган дизайн (10-19 жаш)
  • Аватарлар жана жекелештирилген интерфейс
  • Айыз циклине көз салуу үчүн календарь
  • Кыздарга түшүнүктүү тилде далилдүү маалымат
  • Викториналар  ​​жана сурамжылоолор
  • Улуу эженин атынан чат бот
  • Социалдык тармактарда бөлүшүүгө мүмкүн болгон өстүрүлгөн гүл түрүндөгү бонустар.

Oky тиркемесинде кыздарга арналган бир нече оюндар жана кызыктуу функциялар бар – кыздар тиркемени жекелештирип, өз аватарларын жана фонду тандай алышат жана репродуктивдүү ден соолук тууралуу викториналарга катыша алышат.   Биздин өлкө боюнча мүмкүн болушунча көбүрөөк  кыздарды тартуу үчүн тиркеме:

  • автономдуу режимде иштейт, 
  • мобилдик түзүлүштөрдө аз орун ээлейт, 
  • арзан смартфондордо иштөөгө ылайыкталган, 
  • эски программалык камсыздоо менен шайкеш келет, 
  • толугу менен акысыз.

Кыргызстандын аймактарында кыздар менен “Okyни” колдонуучу катары тестирлөө

Кошумча маалымат:

Тиркемени  Play Market жана  AppStore көчүрүүгө болот. Долбоордун жаңылыктарын Instagramдан көрө аласыз: https://www.instagram.com/oky_kyrgyzstan/ 

ММК үчүн байланыш номерлер:

Мунара Бекназарова

“Айкын багыт” Коомдук фонду

+996555654803, +996 312 383807

Электрондук дарек: kgopenline@gmail.com

https://onelink.to/okykg

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Күйөөм бир айлыгын эмне алып жок кылганын билип ыйладым

Күйөөм бир айлыгын эмне алып жок кылганын билип ыйладым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.