Өзүм чет мамилекеттемин. Үйдөгүлөр бир бала менен тааныштырышты. Сегиз айдан бери телефон аркылуу сүйлөшөм. Жакында үйлөнөм деп жатат, бирок ага көңүлүм жок.
Туугандарыма көңүлүмдүн жок экенин айтсам, “апасы жакшы, эч нерсеге кийлигишпейт, бизге дагы жакын болосуң” деп жатышат. Андан башкага тийсең “кайын энең жөн койбойт, жасаган тамагыңды жактырбайт” дейт. Ал бала коңшу айылдан, бирок мен бир да жолу көргөн эмесмин. Үйдүн кичүүсү, өзүнүн жумушу жок, анан да мени жакшы көрүп кечке жаза берет.
Мен болсо интернеттен башка бир бала менен таанышкам, ал биздин эле райондон. Чет өлкөдө иштейт, чыйрак, эптүү, тыкан бала экенин билдим. Ал дагы күздө үйлөнөм деп жатат. Эмне кылсам экен?
Айылдагы балага тийейин десем, көңүлүм жок кантип жашайм? Ушул убакытка чейин балдар менен сүйлөшкөн эмесмин. Бир келген өмүрдө мен деле сүйүп, эркелеп жашагым келет.
Ал балага көңүлүмдүн жок экенин кантип айтсам болот? Тууганыбыздын тууганы болот экен, баш тартсам жаман көрүп калышпайбы? Же туугандарымдын сөзүн укпай туура эмес кылып жатамбы?







