
Саламатсызбы! Биздин айылда кароосуз калган бир апа бар. Баласы алыс жакта, туугандары каралашпайт.
Бир алыс тууганы мага келип, «Паспортун сен алып тур, эч кимге бербе, кокус өлүп калса бизге кабарла», — деп дайындап кеткен. Паспортун алган жокмун.
Ошол апаны карылар үйүнө өткөрүп берсе, кор болбойт беле…
Карылар үйүнө өткөрүү үчүн кимге кайрылам? Кандай документтер керек? Мындан башка айла жок болгондон улам жазып жатам. Багып алганга эч ким көнбөйт. «Карылар үйүнө кетем «,- деп өзү да айткан. Үйү бар, бирок абдан кыйналып кетти. Суранам мага жооп берип коюңузчу.






