AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
“Айыл Банктан” лизингге алган экскаваторлорубуз ар кандай шарттарда иштей алат

“Айыл Банктан” лизингге алган экскаваторлорубуз ар кандай шарттарда иштей алат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кара-Кече өлкөдөгү эң ири көмүр кени болуп эсептелет. Кен талаа аралык ойдуңда, Токсон-Теке жана Кара-Кече дарыяларынын жанында, деңиз деңгээлинен 2800 метрден ашык бийиктикте жайгашкан. Учурда көмүрдүн запасы болжол менен 400 миллион тонна деп бааланууда. Көмүр ачык ыкма менен казылып алынып, өлкөнүн түндүгүнө жана Бишкекке жеткирилет.

Бул жерде үч жеке компания жана бир мамлекеттик «Кыргызкөмүр» ишканасы иш алып барат. Ошондой эле, Бишкек ЖЭБине күйүүчү отундун көп бөлүгү Кара-Кечеден жеткирилет.

«Техно-Центр» компаниясы «Кыргызкөмүр» Мамлекеттик ишканасынын подрядчиктеринин бири. Бул компания атайын жабдууларды берүү аркылуу көмүр казуу менен алектенет.

«Техно-Центр» компаниясы 2012-жылы негизделген жана өз ишин Түштүк Кореядан ар кандай шаймандар үчүн запастык бөлүктөрдү жана сарпталуучу материалдарды жеткирүү менен баштаган. Кореялык өндүрүүчүлөр менен иштөө тажрыйбасынын аркасында товар жүгүртүү акырындап көбөйүп, бизнес азыркы деңгээлге чейин өнүккөн.

«Кара-Кечедеги карьерде биздин техникаларыбыз иштейт. Андыктан, калк үчүн көмүр казып алууда салымыбыз бар деп ишенимдүү айта алам. Пандемия учурунда дагы ишибиз токтоп калган жок. Анын үстүнө быйыл август айында “Айыл Банк” аркылуу лизингге экскаватор алдык », — дейт «Техно Центр» ЖЧКнын директору Мэлс Эркинбек.

Баса, компания “Айыл Банк” аркылуу экинчи жолу R380LC-9SH үлгүсүндөгү HYUNDAI экскаваторун лизингге сатып алды. Учурда эки унаа тең көмүр талаасында иштеп жатат.

«Эки жыл мурун биз биринчи жолу “Айыл Банкка” кайрылганбыз. Анда тажрыйбабыз жок, документтерди бир ай топтодук. Экинчи жолу бир топ жеңил болду, документтерди дароо чогултуп алып бардык, кыска убакыттын ичинде банк карап чыгып, макулдугун берди», — деди М.Эркинбек.

 «Сентябрь айында жер көчкү түшүп, жолду жаап салгандан кийин, Транспорт министрлигинин суранычы менен, ушул моделдер айланып өтүүчү жаңы жолду курууга жумшалды. Себеби сезон кызуу жүрүп жаткан мезгилде, көмүр талаасына кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу керек эле. Жаңы технологиянын артыкчылыгы бар — алар дээрлик үзгүлтүксүз иштей алышат.»

HYUNDAI экскаваторлору, ушул бренддеги ар кандай атайын шаймандар сыяктуу эле, рынокто чоң суроо-талапка ээ, анткени бул модел өлкөбүздүн тоолуу шарттарында дагы, шаар аймактарында дагы иштөө үчүн идеалдуу.

«Техно-Центр» компаниясында механиктер, менеджерлер жана айдоочу-операторлор кошулуп 40ка жакын адам иштейт. Ири курулуш компаниялары, Бишкек шаарынын мэриясы жана көптөгөн жеке ишкерлер, ошондой эле катардагы жарандар уюмдун кардалары болуп кетишти.

«Ошондой эле, бизде колдонулган техникалар менен иштөө тажрыйба бар. Материалдарына кеткен чыгымдарды эске алган күндө дагы, жаңы менен эски экөөнүн ортосунда чоң айырмачылык байкалып турат, мисалы, оңдоо, запастык бөлүктөр ж.б.

Эрежелерге ылайык, биз техникаларды пландаштырылган ремонт үчүн токтотуп, май жана фильтрлерди алмаштырышыбыз керек. Бирок, эски техника менен тыныгуу узакка созулат, бул деген убакыт текке кетип, акыры кирешеге таасир этээрин билдирет».

“Техно Центр” компаниясынын ишинин негизги багыттарынын бири — Түштүк Кореядан Бишкекке атайын техникаларды жеткирүү. Ишкананын иштеп баштаган жылдан бери 150дөн ашык экскаватор жана башка шаймандардын элементтери алынып келинген. Компания өрт өчүрүүчү унааларды, бетон насосторун, бургулоочу станокторду жана тиркемелерди чыгарган кореялык Everdigm компаниясынын расмий дилери болуп саналат. Мындан тышкары, компания Бишкек шаарына экскаватордун запастык бөлүктөрүн жана сарпталуучу материалдарды да жеткирип турат.

Анын үстүнө, атайын келишимдин негизинде “Техно Центр” “Айыл Банктын” кардары гана эмес, ошол эле учурда жеткирүүчүсү (поставщик) дагы болуп саналат. Компания колдонулган атайын жабдууларды кепилдик жана сервистик колдоо менен лизингге берет.

Компаниянын ижарага берүү үчүн атайын жабдуулар паркы бар, атап айтканда: Hyundai Robbex экскаваторлору, алдыңкы жана айры жүктөгүчтөр, дирилдөөчү ролик жана Hyundai Porter, Mercedes-Benz жүк ташуучу унаалары.

Компаниянын дагы бир ишмердүүлүгү — бул атайын техникаларды оңдоо жана техникалык тейлөө. Керектүү шаймандардын тетиктерин таап, жеткирүүдөн тышкары, компаниянын чеберлери узак мөөнөттүү оңдоо иштерин жүргүзүшөт.

«Биз ири инвестициялык долбоорду пландап баштадык. Банктын өкүлдөрү менен бул маселени талкуулап жатабыз», — деп бөлүштү кардар.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Балаңыз атасын же апасын сураса эмне деш керек? Жалгыз бой ата-энелерге кеңеш

Балаңыз атасын же апасын сураса эмне деш керек? Жалгыз бой ата-энелерге кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.